Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин энергетика тармагын өнүктүрүү, 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыкты күчөтүү жана реформанын алкагында коюлган талаптарды өз убагында аткаруу боюнча тапшырмасына ылайык, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК 2025-жылы 279 даана трансформаторун орнотту жана 366 даана трансформатордун кубаттуулугун жогорулатты.
Электр тармактар ишканалары боюнча 10/0,4 кВ трансформаторлорун орнотуу жана кубатын жогорулатуу төмөнкү көлөмдө жүргүзүлдү:
• Бишкек электр тармактар ишканасы — 69 даана;
• Баткен электр тармактар ишканасы — 95 даана;
• Жалал-Абад электр тармактар ишканасы — 113 даана;
• Ысык-Көл электр тармактар ишканасы — 61 даана;
• Нарын электр тармактар ишканасы— 77 даана;
• Ош электр тармактар ишканасы — 117 даана;
• Талас электр тармактар ишканасы — 36 даана;
• Чүй электр тармактар ишканасы — 77 даана.
Бул иштер жабдууларды жаңылап, күз кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн аткарылып, энергосистемада болуп жаткан жүктү азайтып, электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жакшыртат.
«Кыргызстан УЭТ» ААКсы модернизациялоо жана системалуу иш-чараларды улантып, Кыргызстандын энергосистемасын замандын талабына шайкеш, туруктуу жана эффективдүү калыптандырууну көздөйт.
Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча сурооңуз болсо биздин күнү-түнү иштөөчү чалуу борборуна кайрылсаңыздар болот: 105, +996 772 001209 +996 556 001209 WhatsApp: +996 702 001209.