2024-жылдын 10-11-декабрда КР энергетика министри Т.Ибраевдин Ош облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын энергетикалык инфраструктурасынын маанилүү үч объектисинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү: Кара-Кулжа РЭТинин административдик имаратынын, 110/10 кВ «Бүлөлү» көмөк чордонунун жана 10 кВ «Жар-Башы-Жекенди» аба чубалгысынын.
Объекттердин ачылышына КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Жантаев, КР Энергетика министри Таалайбек Ибраев, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбеков, анын капиталдык курулуш жана инвестициялар боюнча орун басары Ильгиз Сыдыгалиев, Ош электр тармактар ишканасынын директору Эмилбек Ысманов, жергиликтүү энергетиктер жана тургундар катышты.
Кара-Кулжа райондук электр тармактарынын жаңы заманбап имаратынын пайдаланууга берүүсү менен 14 673 даана керектөөчүлөрдүн тейлөө сапаты жогорулады. Буга чейин Кара-Кулжа РЭТинин административдик имараты 1965-жылы курулган жана акыбалы авариялык жараксыз абалда болгон.
Алай районуна караштуу Бүлөлү айылында 110/10 кВ көмөк чордонун ишке киргизүү менен керектөөчүлөрдү электр энергия менен камсыздоосу жакшырды. Бул көмөк чордонду куруу маселеси экинчи Элдик Курултайда көтөрүлгөн. Куруу чечими Энергетика министрлиги тарабынан кабыл алынып, бүгүнкү күндө калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында 110/10 кВ «Бүлөлү» көмөк чордонунун курулушу аяктап, ишке киргизилди.
Мындан тышкары экинчи Элдик курултайда узундугу 22 км болгон эки чынжырлуу 10 кВ «Жар-Башы-Жекенди» аба чубалгысын куруу зарылдыгы боюнча маселе көтөрүлгөн. Чоң-Алай районунун Жекенди айылынын тургундарын сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн, жаңы 10 кВтук заманбап СИП-3 аба чубалгысы курулуп ишке берилди. Жалпысы 1 335 абоненттин электр энергиясы менен камсыздоо сапаты жогорулатылды.
Белгилей кетсек, көрсөтүлгөн курулуштар «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын өздүк каражатынын эсебинен аткарылды.