Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигинин энергетиктерге тиешелүү шарттарды түзүү, жайкы эс алууну уюштуруу тапшырмасына ылайык, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын филиалы — «Эл Нуру» пансионаты алдыдагы туристтик сезондун ачылышына карата даярдыктын акыркы этабына өттү. Ден соолукту чыңдоочу жайды жаңылоонун масштабдуу программасынын алкагында заманбап конок комплекстерин куруу жана энергетиктердин эс алуусунун ыңгайлуулугу үчүн сапаттуу жаңы инфраструктураны түзүү иштери аяктап жатат.
Бул жайдын башкы архитектуралык жаңылыгы — ультразаманбап барнхаус (barnhouse) стилиндеги жаңы коттедждердин ишке берилиши болмокчу. Долбоордун алкагында буга чейин пансионаттын аймагында 4 коттедж курулган болсо, учурда дагы 10 коттедждин курулушунун акыркы этабы жүрүүдө. Жаңы сезондун башталышына карата бул 10 коттедж тең энергетиктерди кабыл алууга толугу менен даяр болот.
Алар:
• 5 даана бир кабаттуу коттедж — жалпы аянты 48 чарчы метр, 4 кишиге ылайыкталган;
• 5 даана эки кабаттуу коттедж — жалпы аянты 72 чарчы метр, 6 кишиге ылайыкталган.
Белгилей кетсек, «Эл Нуру» пансионаты буга чейин бир убакта 136 адам эс алууга ылайыкталган болсо, жаңы коттедждердин курулушу менен 66 орнуга көбөйүп, жалпы 202 адам кабыл алууга ылайыкталды.
Жатакана жана коттедждердин санын кеңейтүү менен катар, «Эл Нуру» эс алуу жайынын жаңы кире беришинин куруу иштери аяктап калды. Заманбап кире бериш жана арка жаңыланган пансионаттын визиттик карточкасына айланат. Конокторго кошумча ыңгайлуулуктарды түзүү максатында, бардык зарыл шарттар каралган. Бул эс алуучуларга эс алууну ойдогудай өткөрүүгө шарт түзөт.
Көзгө көрүнгөн инфраструктуралык өзгөрүүлөрдөн сырткары, пансионатта масштабдуу техникалык модернизациялоо жүргүзүлдү. Ичүүчү суу менен камсыздоо тутуму толугу менен жаңыланып, тазалоочу чыпкалардын кубаттуулугу жогорулатылды, бул эң катаал санитардык нормаларга шайкеш келүүнү кепилдейт. Мындан тышкары, иштеп жаткан турак жай коттедждери кезектеги оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пансионатты өнүктүрүүнүн жаңы башкы планын ишке ашыруу процесси башталды.
«Эл Нуру» пансионатынын жетекчилиги энергетика тармагынын кызматкерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бардык тургундары жана коноктору үчүн максималдуу түрдө сапаттуу, коопсуз жана заманбап эс алуу шарттарын түзүүгө умтулат.
Эс алуу жайындагы оңдоо жана жаңы коттедждерди куруу иштери «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын өздүк каражатынан камсыздалды.