Бүгүн “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Шамил Матаев Ысык-Көл облусуна күз-кыш мезгилин өтүү этаптарындагы жүргүзүлүп жаткан иштерин текшерүү максатында иш сапары менен келди.
Иш сапардын алкагында ал “КУЭТ” ААКнын филиалы Ысык-Көл электр тармагы ишканасынын жетекчилиги, бөлүмдөрдүн жана кызматтардын башчылары менен жолугушту. Жолугушууда аймактагы электр тармактарынын учурдагы абалы, кышкы мезгилге даярдык, жабдуулардын туруктуулугу жана керектөөчүлөрдү сапаттуу тейлөө маселелери талкууланды.
Шамил Матаев өз сөзүндө күз-кыш мезгили – энергетиктер үчүн эң жооптуу убакыт экенин белгилеп, негизги максат — Ысык-Көл облусунун бардык калкын жана социалдык объектилерин электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо экенин баса белгиледи.
Ал филиалдын жетекчилигине жана кызматкерлерине кышкы мезгилди сапаттуу өткөрүү, алдын алуу иштерин өз убагында бүтүрүү жана жаралган ар бир кырдаалга ыкчам жооп берүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Ошондой эле, ал кардарларга электр энергиясын үнөмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.