Колл - борбор: 105; 1209

10/0,4 кВ тармактарын оңдоо жана тейлөө боюнча республикалык кесиптик чеберчилик мелдеши жыйынтыкталды

15 Сентябрь 2024 ж.

2024-жылдын 15 сентябрында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Ысык-Көл филиалынын окуу-өндүрүштүк базасында 10/0, 4 кВ бөлүштүрүүчү тармактарды оңдоо жана тейлөө боюнча ыкчам-оңдоо персоналынын бригадалары арасында кесиптик чеберчилик мелдеши жыйынтыкталды. 

Иш-чаранын жабылышына  Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин электр энергетика башкармалыгынын башчысы Өмүрбек Жеңишбеков, Энергетика министрлигинин Энергетикалык көзөмөл кызматынын орун басары Узак Качкынбаев, «КУЭТ» ААКнын директорлор кеңешинин төрагасы Атантай Турдубаев, «КУЭТ» ААКнын башкы директору Алтынбек Рысбеков, анын орун басарлары Доктурбай уулу Жолдошбек жана Ильгиз Сыдыгалиев, ошондой эле ишкананын филиалдарынын жетекчилери жана кызматкерлери, энергетика тармагынын ардагерлери катышты.

8 команда компаниянын облустук электр тармактар ишканаларынын ички сынактары аркылуу тандалып, заманбап ыкмалар менен техникалык жана теориялык этаптарды өтүп, электр тогунун таасиринен жабыркаган адамды бошотуу, биринчи жардам көрсөтүү, электр жабдууларын оңдоо менен байланышкан технологиялык иштер, компьютердик тестирлөө ж.б.  иштерди  көрсөтүштү. Мелдештин шарттары чыныгы өндүрүштүк кырдаалдарга мүмкүн болушунча жакындатылып,   электр тармактарын тейлөө боюнча бригадалардын  күнүмдүк ишинде кездешет.

Мелдештин этаптарынын жыйынтыгы боюнча байгелүү орундардын жана номинациялардын төмөнкү жеңүүчүлөрү аныкталды:

- 1 орун- Чүй  электр тармактар ишканасынын командасы;

-  2 орун- Бишкек электр тармактар ишканасынын командасы;

- 3-орун - Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын командасы;

-  4-орун- Нарын электр тармактар ишканасынын командасы.

Номинациялар боюнча:

-  «Эң жаш катышуучу» - Орунбеков Адилет Рустамович, Чуй электр тармактар ишканасынын электр куроочусу;

- «Эң улуу катышуучу» - Жалилов Абдисаттар, Баткен электр тармактар ишканасынын устаты;

- «Жаны ачылышты ойлоп тапкандыгы үчүн» - Чуй электр тармактар ишканасынын кызматкерлери;

-  «Мыкты калыстар тобу» II-этаптагы калыстар;

-  « I- этабында эң жакшы жыйынтык көрсөткөн катышуучусу»  Бишкек электр тармактар ишканасынын электр куроочусу Ибираев Амантур;

- «Мыкты ишкертоп мүчөсү» Талас электр тармактар ишканасынын электр куроочусу Алтымышев Султан Качкынбаевич;

- «Мыкты устат» Чуй электр тармактар ишканасынын устаты Тилек уулу Азирет;

-  «Мыкты топ жетекчиси» Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын командасынын жетекчиси Дакеев Салават Толенбаевич.

Каракол шаарынын Өрт жана тез жардам кызматкерине, ошондой эле уюштуруу комитетине Республикалык кесиптик чеберчилик мелдешке кошкон салымы үчүн ыраазычылык каттары тапшырылды.

Иш-чаранын соңунда, жеңүүчүлөргө сыйлыктар, дипломдор, Ардак  грамоталары жана ыраазычылык каттары ыйгарылды.