Колл - борбор: 105; 1209

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын жетекчилиги жана жамааты Асанкулова Сапия Асанкуловнанын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат

5 Июнь 2023 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын жетекчилиги жана жамааты Асанкулова Сапия Асанкуловнанын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат
 
2023-жылдын 4-июнунда 86 жаш курагында КМШнын эмгек сиңирген энергетиги Асанкулова Сапия Асанкуловна дүйнө салды.
 
Эмгек жолун 1964-жылы Фрунзедеги политехникалык институттун инженер-электрик адистиги боюнча аяктагандан кийин Аламүдүн ГЭС каскадынын өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн инженеринен энергетикалык көзөмөлдүн директоруна чейин жеткен.1983-1986-жылдары электр станцияларынын жана электр өнөр жайынын жумушчуларынын профсоюзунун республикалык комитетинин төрагасы болуп иштеген. 1986-жылы ишкананын директору болуп дайындалган “”, андан кийин Бишкек ТЭЦинин директорунун сатуу боюнча орун басары болуп иштеген. Токтогул ГЭСин кабыл алуу боюнча СССР Министрлер Советинин Мамлекеттик комиссиясынын мүчөсү.
 
Энергетика тармагында элүү жылдан ашык тажрыйбасы бар Сапия Асанкуловна Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошкон. Анын Кыргызстандын энергетика тармагындагы сиңирген эмгеги бир катар тиешелүү ведомстволор жана мамлекет тарабынан жогору бааланып, медалдар менен сыйланган. «Ветеран труда», Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы, СССР Энергетика министирлигинин, Кыргыз ССРинин Энергетика жана электрлештирүү башкы өндүрүштүк башкармасынын (Киргизглавэнерго) Ардак Грамоталары, Казакстан кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин Ардак грамоталары. ».
 
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК Асанкулова Сапия Асанкуловнанын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтышат, жоготуунун азабын жана кайгысын тең бөлүшүшөт. Сапия Асанкуловна биздин эсибизде, жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.