«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын жетекчилиги Энергетика министрлигинин 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясына катышты
28 Февраль 2025 ж.
Коллегияга КР Энергетика министри Таалайбек Ибраев, министрдин орун басарлары жана энергетикалык компаниялардын, мамлекеттик ишканалардын жана алардын филиалдарынын жетекчилери катышты.
Коллегиянын отурумунун жүрүшүндө «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын жетекчилиги компаниянын 2024-жылдагы аткарган иштери жана 2025-жылга карата коюлган пландары тууралуу маалымат берди.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКы керектөөчүлөрдү электр энергия менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу, инфраструктураны жана бизнести өнүктүрүү, улуттук электр тармактарына кошулуу мүмкүнчүлүгүн түзүү максатында 2024-жылы төмөнкүдөй иштерди аткарды.
• 4 даана 110 кВ көмөк чордон курулуп ишке берилди: «Ак-Кула», «Орто-Сай» (Бишкек электр тармактар ишканасы), «Бозбу» (Жерге-Тал) (Жалал-Абад электр тармактар ишканасы), «Бүлөлү» (Ош электр тармактар ишканасы).
• 3 даана 35 кВ көмөкчордон урулуп ишке берилди: «Дейрес» (Жалал-Абад электр тармактар ишканасы), «Кум-Дөбө» (Нарын электр тармактар ишканасы), «С.Дуйшеев» (Жалал-Абад электр тармактар ишканасы).
• 1 даана РП-10кВ: «Ак-Ордо» (Чүй электр тармактар ишканасы)
7 даана 110 кВ көмөкчордондордо трансформаторлордун кубаттуулугу жогорулатылды:
- “Кант” 25 МВА 40 МВАга,
- “Карагачевая” 25 МВА 40 МВАга,
- “Ноокат” 10 МВА 40 МВАга,
- “Ала-Бука”10 МВА 25 МВАга,
- “Каратай”6,3 МВА 10 МВАга,
- “Ак-Коргон” 6,3 МВА 10 МВАга.
- “Кызыл-Кыя-2” 10 МВА 20 МВАга.
3 даана 35 кВ көмөкчордондордо төмөнкү трансформаторлордун кубаттуулугу жогорулатылды:
- “Военно-Антоновка”10 МВА 16 МВАга,
- “Отуз-Адыр”2,5 МВА 4 МВАга,
- “Чу”6,3 МВА 10 МВАга,
10 даана 220 жана 110 кВ көмөкчордондордо 10 кВУ КРУНдар алмаштырылды:
- Бишкек электр тармактар ишканасы: 220/110/10 кВ «Главная» (18 ячейка), 110/35/6 кВ «Атабаева» (34 ячейка);
- Чүй электр тармактар ишканасы: 110/35/10 кВ «Ак-Суу» (16 ячейка), 110/35/10 кВ «Ивановка» (20 ячейка);
- Талас электр тармактар ишканасы 110/35/10 кВ «Таласская» (24 ячейка);
- Ош электр тармактар ишканасы: 110/35/10 кВ «Гулчө» (9 ячейка);
- Жалал-Абал электр тармактар ишканасы: 110/35/10 кВ «Жалал-Абад» (11 ячейка), 110/35/10-6 кВ «Караван» (9 ячейка);
- Нарын электр тармактар ишканасы 110/35/10 кВ «Жаны-Талап» (5 ячейка).
Кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн төмөнкү эскирген жабдуулар модернизацияланды: 8 даана 220 кВ жана 110 кВ өчүргүчтөр,
27 даана 110 кВ РВС ОПНге алмаштырылды. Ошондой эле:
- Жалал-Абад электр тармактар ишканасында 7,2 км 110 кВ «Караван-Ала-Бука» АЧда АС-95 түрүндөгү зым АС-150 зымына алмаштырылды;
- Талас электр тармактар ишканасында 20,6 км 110 кВ
«Южная-Кировка» АЧда эскилигине жеткен АС-150 түрүндөгү зым жаңы АС-150 зымына алмаштырылды;
- Чүй электр тармактар ишканасында 2,74 км 35 кВ
«Орто-Алыш - 25 лет Кыргызстана-1» жана 3,75 км 35 кВ
«Орто-Алыш - 25 лет Кыргызстана-2» АЧларда АС-95 түрүндөгү зым АС-120 зымына алмаштырылды.
Жалпы: “КУЭТ” ААКда 9 даана административдик имараттар курулду, реконструкцияланды жана ремонттолду:
Баткен электр тармактары ишкананын административдик имараты курулуп толук ишке берилди;
- Баткен электр тармактар ишканасынын Сүлүктү райондук электр тармактарынын административдик имараты курулуп толук ишке берилди;
- Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Жалал-Абад электр энергиясын сатуу ишкананын административдик имараты реконструкцияланды;
- Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Сузак электр энергиясын сатуу ишкананын административдик имараты курулуп толук ишке берилди;
- Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Ала-Бука РЭТинин имараты капиталдык ремонттон өткөрүлдү:
- Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Базар-Коргон РЭТинин имараты капиталдык ремонттон өткөрүлдү:
- Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Токтогул РЭТинин имараты капиталдык ремонттон өткөрүлдү:
- Чүй электр тармактар ишканасынын Ысык-Ата райондук электр тармактарынын административдик имараты курулуп толук ишке берилди;
- Ош электр тармактар ишканасынын Кара-Кулжа райондук электр тармактарынын административдик имараты курулуп толук ишке берилди.
Нарын электр тармактар ишканасынын чыгымдарын кыскартуу максатында жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн Нарын электр тармактар ишканасынын базасында
темир-бетон мамычаларын чыгаруучу цехи курулуп толук ишке берилди.
Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасын аткарууга, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын протоколдук тапшырмасынын 8-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси
2024-жылдын 30-сентябрындагы №31-34, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-ноябрындагы №715-р буйруктарынын негизинде, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигини берилген тапшырмаларын, Элдик Курултайда көтөрүлгөн маселелерди аткаруу максатында, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКы, Зардалы айылынын тургундарын электр энергиясы менен камсыздоо үчүн, тез арада ар бир үйгө жана коомдук имараттарга жалпы минималдуу кубаттуулугу 306 кВт болгон 61 комплект күн батареялары, көлөмү 200 литр болгон 6 комплект күн суу жылыткычтар, айылдын автономдук электр жабдуусу үчүн аккумулятордук 600 Вт батареясы менен 75 даана көчө прожекторлорун орнотуу чечими кабыл алынган.
2024-жылдын 20-декабрына карата аткарылган жумуштар:
- 61 участокто күн батареяларынын металл конструкцияларынын пайдубалы курулду;
- 61 участокто күн батареяларынын металл каркастары орнотулду;
- 56 үй чарбага, 2 мечитке, 1 фельдшердик-акушердик пунктка жана 1 мектепке ички электр зымдары тартылды.
- 61 керектөөчүгө акылдуу АСКУЭ электр эсептегичтери орнотулду.
- 56 үй чарбасына (ар бир үйгө 5 кВт аккумулятордук батареялары менен), 2 мечитке (ар бирине 3 кВт аккумулятордук батареялары менен), 1 фельдшердик-акушердик пунктка (5 кВт аккумулятордук батареялары менен), 1 чек ара заставасына (10 кВт аккумулятордук батареялары менен) жана 1 мектепке (5 кВт аккумулятордук батареялары менен) күн батареялары орнотулуп толук электр энергиясы менен камсыз болду.
Узундугу 22 км болгон эки чынжырлуу 10 кВ «Жар-Башы-Жекенди» аба чубалгысын куруу зарылдыгы да, экинчи Элдик курултайда көтөрүлгөн. Чоң-Алай районунун Жекенди айылынын тургундарын сапаттуу жана үзгүлтүксүз камсыздоо маселеси, тиешелүү адистери тарабынан кылдаттык менен каралып чыгып, жаңы 10 кВтук заманбап СИП-3 аба чубалгысы курулуп ишке берилди. Жалпысы 1 335 абоненттин электр энергиясы менен камсыздоо сапаты жогорулатылды.
10/0,4 кВ электр тармактарында техникалык жоготууларды жана эксплуатациялык чыгымдарды азайтуу максатында, ошондой эле тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча төмөнкүдөй иштердин көлөмү аткарылды:
кошумча 160 даана ТП орнотулду жана кубаттуулугу жогорулатылды, ошондой эле 16 592 опора орнотулду, 646,1 км аба чубалгылары курулду жана реконструкцияланды, анын ичинен 346 км эскилигине жеткен зымдар СИП-2 түрүндөгү зымка алмаштырылды.
2024-жылдын планында каралган 75 даана атайын техника толук алып берилип, баардык электр тармактар ишканаларына таратылып берилди. Өз кезегинде аткарылган иш чаралар 2024-2025-жылдарга күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүүгө даярдык көрүү иштерин тездетти.