Колл - борбор: 105; 1209

Чүй электр тармактар ишканасынын жыйындар залында Директорлор кеңешинин көчмө жыйыны болуп өттү.

12 Декабрь 2025 ж.

Бүгүн, 12-декабрда, «Кыргызстан УЭТ» ААК филиалы – Чүй электр тармактар ишканасынын жыйындар залында Директорлор кеңешинин көчмө жыйыны болуп өттү. Жыйынга «Кыргызстан улуттук электр тармагы»ААКнын Директорлор кеңешинин төрагасы Атантай Турдубаев, директорлор кеңешинин мүчөлөрү Жыргалбек Турускулов, Алымбек Баймуратов, Мирбек Маматов,  «КУЭТ» ААКнын башкы директору Сыдыгалиев Ильгиз Манатбекович, ошондой эле ишкананын дирекциясы, кызматкерлери, кызмат, бөлүм, РЭТ жана ЭЭСК жетекчилери катышты.

Жыйында төмөнкү маселелер каралды:

1. Чүй электр тармактар ишканасынын 2025-жылдын 9 айында аткарган иштеринин жыйынтыгы;

2. Чүй электр тармактар ишканасынын 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыгы;

3. Электр энергиясын ишке ашыруу жана капиталдык курулуш боюнча аткарылган иштер тууралуу отчетторду угуу;

4. Техникалык кызматтардын отчетторун угуу (ЖЧК, КЧК, РКАЖК).

Жыйынды Чүй электр тармактар ишканасынын директору Доктурбай уулу Ж. ачып, андан соң директордун орун басарлары аткарылган иштер жана 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык боюнча маалымат беришти.

10-декабрда Директорлор кеңешинин көчмө жыйынынын алкагында Кемин районунун Кичи-Кемин айыл өкмөтүнө караштуу Жылтыр айылында курулуп жаткан күн панелдеринин станциясы, ошондой эле  500/220/110 кВ «Кемин» КЧ, Кемин РЭТ, Ысык-Ата РЭТ, Чүй РЭТ, Кант жана Аламүдүн РЭТтери жеринен барып көрүлдү.

11-декабрда Директорлор кеңеши тарабынан Сокулук РЭТте, Москва РЭТте, Жайыл РЭТте жана Панфилов РЭТте текшерүү жургүлдү.

Иш сапардын жүрүшүндө 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыктын абалы бааланып, имараттарда жана РЭТ объектилеринде жүргүзүлгөн оңдоо жана калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышуу болду.