Энергетиктер жыл сайын жаздын башталышы менен келе жаткан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн энергообъектилерди сапаттуу даярдоо боюнча күчөтүлгөн тартипте иштерди башташат.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо, келе жаткан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн энергообъектилерди сапаттуу даярдоо боюнча койгон тапшырмасына ылайык, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата капиталдык оңдоо, техникалык тейлөө, реконструкциялоо иштеринин графигин түзүп, оңдоп-түзөөгө керектүү электр жабдууларды сатып алып, пландык иш-чаралар киргизилген.
Оңдоп-түзөө, кубаттуулук жогорулатуу иш-планына ылайык, быйыл өлкө боюнча 110 кВ 10 даана көмөк чордондун кубаттуулугун жогорулатылат. Алсак, төмөнкү көмөк чордондордун ар бирине 40 МВА кубаттуулуктагы трансформаторлор орнотулуп, кубаттуулук жогорулатылат:
110/10 кВ «Мурас» Т-2 (Бишкек шаары)
110/35/10 кВ «Парковая» Т-2 (Бишкек шаары)
110 /35/6 кВ «Кызыл-Аскер» Т-2 (Бишкек шаары)
110/10 кВ «Долинка» Т-1 (Ысык-Көл облусу)
110/10 кВ «Долинка» Т-2 (Ысык-Көл облусу)
110/35/10 кВ «Пржевальская» Т-2 (Ысык-Көл облусу)
110/35/10 кВ «Тюлейкен» Т-1 (Ош облусу)
110/35/10 кВ «Манас» Т-3 (Чүй облусу)
110/35/10 кВ «Ивановка» Т-1 (Чүй облусу)
110/10 кВ «Бек-Абад» Т-1 (Жалал-Абад облусу).
Мындан тышкары, Республика боюнча 248 даана 6-10/0,4 кВ трансформатордук көмөк чордондорду орнотуу жана алмаштыруу пландаштырууда. Трансформатордук көмөк чордон төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:
Бишкек шаары - 46 даана;
Чүй облусу - 8 даана;
Талас облусу - 42 даана;
Жалал-Абад облусу - 29 даана;
Баткен облусу - 22 даана;
Нарын облусу - 27 даана;
Ош облусу - 46 даана;
Ысык-Көл облусу - 28 даана.
Буга кошумча, 226 чакырым 6-10 кВ чыңалуудагы аба чубалгыларын жана 533 чакырым 0,4 кВ чыңалуудагы аба чубалгыларын өзүн өзү кармап туруучу изоляцияланган СИП кабелдерин (ӨӨКИЗ) колдонуу менен реконструкциялоо жана куруу пландаштырган.
СИП кабелдерин тартуу иштери аймактар боюнча төмөнкүчө бөлүштүрүлгөн:
Бишкек шаары - 42,8 чакырым;
Чүй облусу - 125,2 чакырым;
Талас облусу - 71,1 чакырым;
Жалал-Абад облусу – 213,5 чакырым;
Баткен облусу – 59,3 чакырым;
Нарын облусу – 66,5 чакырым;
Ош облусу – 134,6 чакырым;
Ысык-Көл облусу - 46,9 чакырым.
Жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжасында электр тармактарынын өткөрүмдүүлүгү кыйла жогорулап, жүктөмдөр азаят жана жаңы керектөөчүлөрдү кошууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Натыйжада өлкө боюнча электр энергиясын жеткирүүнүн сапаты жакшыртылып, калк жана ишканалар туруктуу электр менен камсыздалып, облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.
Электр энергиясы боюнча кошумча маалымат алуу үчүн “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын күнү-түнү иштөөчү чалуу борборунун төмөнкү телефондоруна кайрылсаңыздар болот:
📞105 (акысыз чалуу),
📞+996 772 001209, 0556 001209
📲 WhatsApp: +996 702 001209