Колл - борбор: 105;

Тазалыкты бирге сактайлы!

25 Апрель 2026 ж.

Бүгүн, 2026-жылдын 25-апрелинде, «КУЭТ» ААКнын борбордук аппаратынын эмгек жамааты кезектеги ишембиликке чыкты. Жалпы өлкө боюнча өткөрүлүп жаткан массалык ишембиликтин алкагында, энергетиктер өздөрүнө бөлүнгөн аймактарды таштандыдан тазалап, санитардык абалды жакшыртуу жана көрктөндүрүү иштерине жигердүү катышышты. Негизги максаты: • Көрктөндүрүү: Айлана-чөйрөнү таза кармоо жана шаардын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу. • Биримдик: Тазалыкты туруктуу сактоо боюнча ишкананын аракеттерин бириктирүү жана жамааттык жоопкерчиликти жогорулатуу. Ишкананын жетекчилиги коомду таза кармоо жана жаратылышка аяр мамиле жасоо — ар бир кызматкердин жана жарандын ыйык милдети экенин белгилейт. «Тазалык бар жерде, береке бар». Келиңиздер, шаарыбыздын тазалыгына чогуу салым кошолу!