Колл - борбор: 105; 1209

«КУЭТ» ААКтын 2 энергообъектилеринин, Темир-бетон тирөөчтөрдү чыгаруучу боюнча цехи жана Сузак электр энергиясын сатуу ишканасынын жаңы административдик имаратынын ачылышы болду

30 Август 2024 ж.

Бүгүн, 2024-жылды 30-августунда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата «Кыргызстан улуттук электр тармагы»  ААКтын 2 – объектилеринин - Нарын облусунда Темир-бетон тирөөчтөрдү чыгаруучу боюнча цехи жана Жалал-Абад облусунда Сузак электр энергиясын сатуу ишканасынын жаңы административдик имаратынын  ачылышы болду. 

Темир-бетон тирөөчтөрдү чыгаруучу боюнча цехтин ачылыш аземине «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директорунун капиталдык курулуш жана инвестиция боюнча орун басары Ильгиз Сыдыгалиев, Нарын электр тармактар ишканасынын  директору Рустам Сакиев, жумушчулар жана энергетиктер катышты.

Цехтин жалпы аянты 396 м², колдонулуп жаткан жабдуулар заманбап жана жогорку өндүрүштүк кубаттуулукка ээ. Ишканада 5 кызматкер эмгектенип, азыркы тапта айына СВ-95 жана СВ-105 үлгүсүндөгү 120 даана темир - бетон мамычалар чыгарылууда. Мындан тышкары, трансформатордун алдына коюлуучу шакекче, кабель жатуучу каналдар жана трансформатордун айланасындагы тосмолорду чыгаруу пландалууда. 

Сузак электр энергиясын сатуу ишканасынын жаңы административдик имаратынын  ачылыш аземине «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директорунун  коммерциялык иштер боюнча орун басары  Дуйшо уулу Уларбек, Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын  директору Суйунбек Усенов,  Сузак айыл аймагынын башчысы Даирбек Бакиров, энергетиктер жана айыл тургундар катышышты.

Жаңы имарат 2 кабаттан турат. Мында  кызматкерлердин иштөөсүнө да, керектөөчүлөрдү сапатуу тейлөөдө да  ыңгайлуу шарт түзүлдү. Сузак электр  энергиясын сатуу ишканасы