Колл - борбор: 105; 1209

Жаш адистер арасында инженердик чемпионаттын финалдык бөлүгүнүн ачылышы болуп өттү

25 Декабрь 2025 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын окуу борборунда “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” программасын ишке ашыруу планынын алкагында, 2025-жылдын 25-декабрында жаш адистер арасындагы алгачкы Инженердик чемпионаттын финалдык бөлүгүнүн ачылышы болуп өттү.

Чемпионаттын финалдык бөлүгүнө «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын филиалдарынан жана борбордук аппаратынан жалпы 5 команда катышууда. 

Алар:

* “Energo Team” — «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын Борбордук аппараты;

* “Bishkek Energy” — Бишкек электр тармактар ишканасы;

* “Энергоинтеллект” — Чүй электр тармактар ишканасы;

* “ОшПЭС” — Ош электр тармактар ишканасы;

* “Manas Power” — Жалал-Абад электр тармактар ишканасы.

Аталган командалар чемпионаттын ачылышында өздөрүнүн ишканаларынын тарыхы боюнча презентацияларды көрсөтүштү. Ачылыш бүткөндөн кийин “Кыргызстан УЭТ” ААКтын диспетчердик кызматына келишип, диспетчерлердин иши менен таанышышты.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын Инженердик чемпионатынын финалдык этабы 2025-жылдын 26-декабрында оффлайн форматта борбордук аппаратта өтөт. Анда финалга чыккан командалар өздөрүнүн практикалык көндүмдөрүн жана инженердик чечимдерди табуу жөндөмдүүлүгүн көрсөтүшөт.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК тарабынан уюштурулган бул чемпионаттын негизги багыттары:

жаш адистердин кесиптик билимдерин жана инженердик ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү;

кызматкерлердин компетенция деңгээлин жогорулатуу;

командалык иштөө жөндөмдүүлүгүн арттыруу.