Иш-чарага КР энергетика министри Таалайбек Ибраев, Ысык-Ата районунун акими Эрмекбай Омошев, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын Директорлор кеңешинин төрагасы Атантай Турдубаев, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директорунун капиталдык курулуш жана инвестициялар боюнча орун басары Ильгиз Сыдыгалиев, Чүй электр тармактары ишканасынын директору Данияр Шабданов, ардагерлер, жергиликтүү тургундар жана энергетиктер катышты.
2024-жылдын июнь айында жаңы имараттын курулушу башталган. Жаңы курулган имараттын аянты 280 м2 түзүү менен электр тармактарынын эмгек шарттары жакшырып, ыңгайлуу болуп, эффективдүү иш алып барганга шарттар түзүлдү. Андан тышкары, эң акыркы технология менен жабдылган жаңы диспетчердик башкаруу бөлмөсү пайда болду, анын ичинде жаңы мнемо-диаграмма жана LED экран орнотулду.
Белгилей кетсек, көрсөтүлгөн курулуш «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын өздүк каражатынын эсебинен аткарылды.