Колл - борбор: 105; 1209

«Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы Чүй электр тармактар ишканасында директорлор кеңешинин көчмө жыйыны өттү

11 Октябрь 2024 ж.

Бүгүн, 11-октябрь күнү Чүй электр тармактар ишканасынын жыйындар залында «Кыргызстан УЭТ» ААКнын директорлор кеңешинин төрагасы Атантай Турдубаев , директорлор кеңешинин мүчөлөрү Жыргалбек Турускулов, Алымбек Баймуратов, Мирбек Маматов, Ормонбек Кудайбердиев, «Кыргызстан УЭТ» ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Доктурбай уулу Жолдошбек жана Чүй электр тармактар ишканасынын жетекчилери жана кызматкерлери катышкан көчмө жыйын болуп өттү.

Жыйын жүрүшүндө төмөнкү маселелер каралды:

  1. Чүй электр тармактар ишканасынын ишмердүүлүгүнүн 2024-жылдын 8 айынын жыйынтыгы;
  2. Чүй электр тармактар ишканасынын 2024-2025-жылга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы;
  3. Чүй электр тармактар ишкананын электр энергиясын сатуу жана капиталдык курулуш боюнча ишмердүүлүгүнүн отчеттору угулду.

Жыйынды Чүй электр тармактар ишканасынын директору Данияр Шабданов ачып, директордун орун басарлары аткарылган иштер жана 2024-2025-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдыктар тууралуу маалымат беришти.

Ошондой эле акча каражаттарын чогултуу, дебитордук карыздарды өндүрүү жана жоготууларды азайтуу тууралуу маселелер талкууланып, «Кыргызстан УЭТ» ААКнын директорлор кеңеши Чүй электр тармактар ишканасынын кызматкерлеринин суроолоруна жооп беришти.

Эске сала кетсек, көчмө жыйындын алкагында «Кыргызстан УЭТ» ААКнын директорлор кеңеши 9-10-октябрь күндөрү Чүй электр тармактар ишканасынын Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Кант, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл, Панфилов РЭТтеринде, өндүрүш кызматтарында, чоң көмөк чордондордо  болуп, жыйын өтүп, дебитордук карыздар, күз-кыш мезгилине даярдыктары, РЭТтердин диспетчердик бөлүмдөрүнүн абалы менен таанышып, тиешелүү чечимдерди кабыл ала турган болду.