Колл - борбор: 105; 1209

Талас электр тармактар ишканасына «КУЭТ» ААКнын директорлор кеңеши көчмө жыйыны болуп өттү

23 Август 2024 ж.

2024-жылдын 21-22-август күндөрү “КУЭТ” ААКтын директорлор кеңешинин Талас электр тармактар ишканасынын шаардык, райондук электр тармактарына жана көмөк чордондорунда күз - кыш мезгилине даярдыгын текшеришти.

Жыйынга директорлор кеңешинин төрагасы Турдубаев Атантай Доолотович, директорлор кеңешинин мүчөлөрү Баймуратов Алымбек Дүйшеекевич, Турускулов Жыргалбек Күрүчбекович,Кудайбердиев Ормонбек Бурканович, Маматов Мирбек Абдухамитович, Капиталдык курулуш боюнча башкы директордун орун басары Сыдыгалиев Ильгиз Манатбекович жана Талас ЭТИнин кызматкерлери катышышты.

Жыйындын күн тартибинде үч маселе каралды.

  1. Талас электр тармактар ишканасынын директору Султанов Акылбек Жумакадыровичтин Талас электр тармактар ишканасынын ишмердүүлүгүнүн 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы тууралуу маалыматы;
  2. Талас ЭТИнин башкы иженери Рахманов Дурусбек Ашымовичтин «КУЭТ» ААКнын филиалы Талас ЭТИнин 2024-2025-жылга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы тууралуу маалыматы;
  3. Электр энергиясын сатуу бөлүмүнүн жана капиталдык курулуш ишмердүүлүгүнүн отчету айтылды.

Кыргызстан улуттук электр тармагы ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы Атантай Турдубаев текшерүүнүн соңунда Талас электр тармактар ишканасы келе жаткан 2024-2025-жылкы күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн даярдыктары канатандыраарлык деген баа берип өттү. Ошондой эле, Талас ЭТИнин кызматкерлери үчүн кызматтык жана бригадалык унаалардын жетишсиздигин 2025-жылы чечиле турганы тууралуу баса белгиледи.

Ошону менен катар иш сапардын алкагында күбө болгон дебитордук карыз көпчүлүк РЭТтерде жок экендигине, “Мой свет” тиркемеси менен иштөөдө көйгөйлөр жоюлуп, жакшы жолго коюлгандыгын баса белгилеп кетти, мындан тышкары катар энергетика тармагында өнүгүүлөр болуп жаткандыгын кошумчалап, ар бир энергетиктин салымы бар экендигин белгиледи.

 Ал эми, жыйын учурунда «КУЭТ» ААКтын директорлор кеңешинин жааматы Талас электр тармактар ишканасынын кызматкерлеринин суроолоруна жооп берди.