Колл - борбор: 105; 1209

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Директорлор кеңешинин отуруму болуп өттү

9 Август 2024 ж.

2024-жылдын 8- августунда  «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКда директорлор кеңешинин отуруму болуп өттү, анда компаниянын биринчи жарым жылдык ишинин жыйынтыктары, ошондой эле Энергетика министрлигинин 6 айлык коллегиясынын жыйынтыгы боюнча тиешелүү маселелер каралды.

Жыйынга Директорлор кеңешинин төрагасы Атантай Турдубаев, директорлор кеңешинин мүчөлөрү, «Кыргызстан УЭТ» ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбеков жана компаниянын дирекциясы катышты.

«Кыргызстан УЭТ» ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбеков үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштер жөнүндө отчет берди. Ал ошондой эле электр тармактар комплексин 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдануусу  тууралуу айтып берди.

Директорлор кеңешинин төрагасы Атантай Турдубаев белгилегендей, Директорлор кеңешинин мүчөлөрү окуу борборуна, ошондой эле ишкананын өндүрүштүк базалары жана объектилери менен таанышуу максатында  «Кыргызстан УЭТ» ААКтын Нарын жана Жалал-Абад ЭТИнин — филиалдарына барышты.

Алтынбек Рысбеков ошондой эле бул жылы каражаттын олуттуу бөлүгү компаниянын кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу жана атайын техникаларды сатып алуу үчүн , жаңы административдик имараттарды курууга жумшалганын баса белгиледи. «Эми филиалдар жоготууларды жана авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу боюнча ишти күчөтүүсү зарыл», - деп белгиледи ал.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча Атантай Турдубаев ЭТИ кызматкерлеринин эмгек акысын теңдөө жана жогорулатуу, ошондой эле РЭТтердин ишин оптималдаштыруу менен алектенүүнү тапшырды.