Колл - борбор: 105; 1209

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Директорлор кеңешинин отуруму болуп өттү

26 Март 2025 ж.

2025-жылдын 26-мартында, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Директорлор кеңешинин отуруму болуп өттү.

Күн тартибинде төмөнкү бир катар маселелер каралды:

  • Коомдун Башкы дирекциясынын 2024-жылдагы каржы – чарбалык ишмердүүлүгүнүн жана бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө.
  • Коомдун көз карандысыз аудиторунун 2024-жыл боюнча корутундусу жөнүндө.
  • Коомдун Текшерүү комиссиясынын 2024-жыл боюнча корутундусу жөнүндө.
  • 2025-жылга коомдун көз карандысыз аудиторун тандоо жана аудитордун кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөнүүчү акынын өлчөмүн аныктоо жөнүндө.
  • 2025-жылга коомдун бюджетинин долбоорун, капиталдык салымдардын планын жана сатып алуу планын кароо жөнүндө.
  • 2024-жыл үчүн Директорлор Кеңешинин протоколдук тапшырмаларынын аткарылышы жөнүндө Башкы дирекциянын отчету тууралуу.
  • "Кыргызстан УЭТ" ААКнын акционерлеринин жалпы жылдык чогулушунун күн тартибин бекитүү жөнүндө.
  • Ар кандай маселелер.