Колл - борбор: 105; 1209

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын обочолонуу, ашыкча чыңалуудан коргоо жана сыноо кызматтарынын тажрыйба алмашуу боюнча семинары болуп өттү

28 Июнь 2024 ж.

2024 жылдын 24-июнан 27-июнуна чейин «Кыргызстан  улуттук электр тармагы» ААКтын -Жалал-Абад ЭТИ филиалында тажрыйба алмашуу боюнча 4 күндүк семинар болуп өттү, ага компаниянын бардык аймактык филиалдарынын изоляциялар, ашыкча чыңалуудан коргоо кызматтарынын жетекчилери жана жетектөөчү инженерлери катышышты

«Кыргызстан  улуттук электр тармагы» ААКтын изоляция, чыңалуудан жана сыноолордон коргоо борбордук кызматынын жетекчиси Болотбек Батырбеков иш-чараны ачып жатып, электр өлчөгүч приборлорду туура колдонуунун маанилүүлүгүн белгилеп, акыркы жылдары жабдуулардын жаңылануусун белгиледи

Жалал-Абад ЭТИнин изоляция кызматынын башчысы Канат Калилов 2024-жылдын  планын, анын ичинде 494 бирдик электр жабдууларынын профилактикалык сыноолорун жана алардын ичинде  271 электр жабдуулары текшерүүдөн өткөндүгүн көрсөтү.

2024-жылдын  иш планын, жана кошумча 494 даана электр жабдууларынын профилактикалык сыноолорун сунуштады, алардын 271  буга чейин текшерилген.

Семинардын жүрүшүндө  «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы Жалал-Абад жылуулук электр борборунун изоляция кызматына Тангенс-2000 - жогорку вольттогу жабдууларды изоляциялоо параметрлерин көзөмөлдөө үчүн арналган автоматтык, тоскоолдуктардан корголгон, жогорку тактыктагы, колдонууда коопсуз жаңы комплект прибору берилди.

Иш-чаранын аягында семинардын катышуучулары 35/10 кВ "Дейрес" көмөкчордонунда болушту, анда электр жабдууларына профилактикалык сыноолор жана тепловизиондук көзөмөл жүргүзүлдү.