2025-жылдын 20-сентябрында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын борбордук аппараты жана анын бардык филиалдары бүткүл республикалык ишембиликке активдүү катышышты. Иш-чаранын алкагында кызматкерлер жергиликтүү муниципалитеттер тарабынан бөлүнгөн, ошондой эле өздөрүнө тиешелүү аймактарда тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Бул демилге компаниянын экологиялык жоопкерчиликке, таза айлана-чөйрө түзүүгө жана жаратылышты коргоого болгон умтулушун дагы бир жолу тастыктады. Жамаат таза жана жарык келечек үчүн өз салымын кошууга ар дайым даяр экенин көрсөттү.