Колл - борбор: 105; 1209

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын жана компаниянын филиалдарынын кызматкерлери ишембиликке чыгышты

14 Сентябрь 2024 ж.

2024-жылдын 14-сентябрында «Кыргызстан Улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун жана анын филиалдарынын кызматкерлери бүткүл дүйнөлүк ишембиликке жигердүү катышып, муниципалитеттер тарабынан бөлүнгөн участоктордо ишембилик өткөрүштү, экологиялык демилгелерге жана айлана-чөйрөгө кам көрүүгө берилгендигин көрсөтүштү.