Колл - борбор: 105; 1209

"КУЭТ” ААКтын кызматкерлери “Иштиктүү кыргыз тили, Кыргызтестке даярдык көрүү” боюнча окуу курсунан өтүштү

25 Июнь 2024 ж.

"2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын ишке ашыруунун алкагында  “КУЭТ" ААКтын  кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын окуу-маалымат борборунун окутуучуларынын катышуусунда “Иштиктүү кыргыз тили,  Кыргызтестке” даярдык көрүү,  окуу курсу уюштурулду.

Окуу курсунда кыргыз тилинин негизги өзгөчөлүктөрүнө жана тилдик мыйзам ченемдүүлүктөрүнө көңүл буруу менен бул багыттагы билимдери тереңдетилди. Мамлекеттик тилдеги орфографиялык сабаттуулуктары арттырылып, иш кагаздарын жүргүзүүнүн типтүү нускамасы менен тааныштырылды. Жазуу жана сүйлөө маданияты өнүктүрүлүп, Кыргызтесттин деңгээлдери боюнча тест тапшырууга даярдыктар көрүлдү.

Окуу курстары позитивдүү жана жемиштүү атмосферада өттү, бул катышуучуларга билимин өркүндөтүүгө гана эмес, тажрыйба алмашууга да  мүмкүнчүлүк берди. Курстун жыйынтыгында компаниянын 16 кызматкери мамлекеттик тилди билгендигин тастыктаган квалификациясын жогорулатуу боюнча сертификаттарга ээ болушту.

"КУЭТ" ААКтын келечекте өз кызматкерлеринин кесиптик даярдыгынын жогорку деңгээлин жана Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдарынын талаптарын сактоону колдоо менен ушул сыяктуу иш-чараларды өткөрүүнү улантат.