Колл - борбор: 105; 1209

«КУЭТ» ААКнын Директорлор кеңеши Талас облусунда иш сапары менен болду

10 Ноябрь 2025 ж.

2025-жылдын 6–7-ноябрында «КУЭТ» ААКнын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү Талас облусуна иш сапары менен келишип, «КУЭТ» ААКнын филиалы – Талас электр тармактар ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Сапардын алкагында облус аймагындагы райондук жана шаардык электр тармактары, өндүрүштүк кампалар, райондук электр тармактарынын имараттары, көмөк чордондор жана аба чубалгылары текшерилди. Жетекчилик электр тармактарынын техникалык абалы, материалдык-техникалык камсыздоо, аткарылган иштер жана көйгөйлөр боюнча жеринен маалымат алды.

Иш сапардын жыйынтыгы катары 7-ноябрда Талас электр тармактар ишканасынын жыйындар залында кеңири чогулуш өткөрүлүп, 2025-жылдын 9 айы боюнча ишмердүүлүктүн жыйынтыктары угулду. Анда аткарылган иштер, жетишкендиктер, аткарылчу пландар жана көйгөйлөр боюнча ачык пикир алмашуу жүрдү.

Директорлор кеңеши тарабынан калкты туруктуу жана коопсуз электр энергиясы менен камсыздоо багытындагы аракеттерди улантуу тапшырмасы берилди.