Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги башка өлкөлөр менен кызматташуунун алкагында энергетика тармагында тажрыйба алмашуу, заманбап технологиялар менен окутууларды жүргүзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет.
Буга ылайык, “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасынын 8 адамдан турган 2 бригадасы Татарстандын Заинск шаарында 1000В чейин чыңалуудагы аба, кабелдик электр берүү чубалгыларында жана бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдө жумуштарды алып барууну үйрөнүү үчүн билимин жогорулатып, тажрыйба алмашууда.
Мындай пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө чечим “Кыргызстан УЭТ” ААКнын жумушчу тобунун Казань шаарына болгон иш сапарында кабыл алынган. Татарстан тарап, биздин кызматкерлерди бекер окуутууга даяр экендигин билдирип кат жөнөткөн. Аталган окутуулар 1-декабрдан 16-декабрга чейин өткөрүлөт.
Окутуунун жыйынтыгы боюнча бригадалардын коопсуздугу үчүн чыңалууну жөнгө салуу учурунда жеке коргонуунун жаңы комплекттери менен жабдуу маселеси каралган.