Колл - борбор: 105; 1209

8-март майрамыныздар менен урматтуу энелер, кымбаттуу эже-карындаштар, асылзат айымдар!

7 Март 2024 ж.

Урматтуу асыл зат айымдар!

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди жаркыраган Жаз майрамы 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Жашообузду көрккө бөлөп, ар бир үй-бүлөнүн куту болгон аялзатына канчалык урмат көрсөтүп, таазим этсек дагы аздык кылат. Анткени аялзаты - назиктиктин, сулуулуктун, даанышмандыктын символу экендиги талашсыз.

«Аял жылмайса — аалам жылмаят» дегендей, сиздер жан дүйнө сулуулугуңуздар менен ааламды багындырып, ар дайым аруу тилектериңиздер менен жакшылыкка үндөп, албан-албан иштерге шык-дем берип келесиздер.

Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмайуу кетпей, жаркын маанай, жакшылыктар коштосун! Сиздерге бекем ден соолук, узак өмүр жана үй-бүлөлүк бакыт каалайм!

Майрамыңыздар куттуу болсун!

 

Урматтоо менен,

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын

Башкы директору А.Д. Рысбеков