Колл - борбор: 105; 1209

Бишкек электр тармактары ишканасында «КУЭТ» ААКтын директорлор Кеңешинин көчмө жыйыны өттү

22 Август 2025 ж.

Бүгүн 22-августа, Бишкек электр тармактар ишканасынын жыйындар залында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын директорлор Кеңешинин көчмө жыйыны болуп өттү. Жыйынга директорлор Кеңешинин төрагасы Атантай Турдубаев, кеңеш мүчөлөрү Жыргалбек Турускулов, Алымбек Баймуратов, Мирбек Маматов, Ормонбек Кудайбердиев, ошондой эле «КУЭТ» ААКтын  башкы директору Рысбеков Алтынбек жана ишкананын жетекчилиги, өндүрүштүк кызматтардын,  бөлүм башчылары да катышты.

 Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү маселелер каралды:

1. 2025-жылдын алты айынын ичинде Бишкек электр тармактар ишканасынын ишинин жыйынтыгы;

2. Бишкек электр тармактар ишканасынын 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыгы;

3. Бишкек электр тармактар ишканасынын электр энергиясын сатуу жана капиталдык курулуш боюнча отчеттору угулду;

Жыйынды Бишкек электр тармактар ишканасынын директору Азамат Паизов ачып, андан соң директордун орун басарлары аткарылган иштер жана 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык боюнча маалымат беришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө дебитордук карыздарды азайтуу, курулуш-монтаждоо башкармалыгынын жана «акылдуу» эсептегичтерди (электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасы) орнотууну иштери да талкууланды.

 20-августа «КУЭТ» ААКтын директорлор Кеңеши Бишкек шаары боюнча Энергосбыт кызматын, Батыш РЭТ, «Ала-Арча», «Ново-Южная», «Ак-кула»жогорку чыңалуудагы көмөк чордонун кыдырып, административдик имараттардын, өндүрүштүк жайлардын, кампалардын, диспетчердик пункттардын жана автопарктын абалы менен таанышкан. Мындан тышкары, директорлор кеңешинин мүчөлөрү жаңы “Мурас”110/10кВ  жогорку чыңалуудагы көмөк чордонунун
 курулушунун жүрүшү менен танышты.

 21-августа директорлор Кеңеши АСКУЭнин борборлоштурулган системасын башкаруу боюнча Улуттук операциялык борборун , Түндүк, Чыгыш РЭТтерди, кабелдик чубалгылар кызматы, «Главная», «Восточная», «Ынтымак» жогорку чыңалуудагы көмөк чордондорунда  жүргүзүлгөн реконструкциялоо  иштерин текшеришти.

 Жыйынтыгында, «КУЭТ» ААКтын директорлор Кеӊешинин төрагасы Атантай Турдубаев энергетиктердин негизги милдети – керектөөчүлөрдү ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр менен камсыз кылуу экенин белгилеп, капиталдык курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө аяктоонун зарылдыгын баса белгиледи.