Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин жүргүзүп жаткан реформасынын алкагында, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому электр энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү, жаңылоо жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн бир катар энергетикалык объектилерди куруу жана модернизациялоо боюнча долбоорлор ишке ашырылууда.
Алсак, 2026-жылы «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК өздүк каражатынын эсебинен Талас жана Чүй облустарында темир-бетон буюмдарын жасоочу цехти ишке киргизүүнү пландаштырууда. Учурда темир-бетон буюмдарын жасоочу цехтин жерлери такталып, проектти чийилип, тендер аркылуу куруучу фирма аныкталып, тиешелүү документтер даярдалып бүттү.
Күндүн жылышы менен курулуш иштери башталат. Бул темир-бетон жасоочу цехтин ишке берилиши менен Талас, Чүй облустары жана Бишкек шаары темир-бетон электр мамылары жана башка темир-бетон буюмдары менен толук камсыз болот. Муну менен катар кошумча жумушчу орундар түзүлүп, өндүрүлгөн буюмдар облустун энергетика тармагын жаңылоо үчүн колдонулат.
Ошондой эле аймактагы капиталдык курулуш объектилерин сапаттуу жана жеткиликтүү баада камсыз кылууга өбөлгө түзөт. Темир-бетон буюмдарды жасоочу цехтин курулуш иштерин ушул жылдын август-сентябрь айларында аяктап, ишке берүү пландаштырылууда. Маалымат үчүн: Мындай темир-бетон буюмдарды жасоочу цехтер Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Ош облустарында бар. Бир жылдык өндүрүү 12000 даана.
Электр менен камсыздоо маселелери боюнча кошумча маалымат алуу үчүн «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын күнү-түнү иштеген колл-борборуна кайрылсаңыздар болот: 105 (чалуу акысыз) +996 772 001209, 0556 001209 WhatsApp: +996 702 001209