Бишкек шаарында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын өкүлдөрүнүн жана Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) эксперттеринин катышуусунда маанилүү жумушчу семинар болуп өттү.
Иш-чара Корея Республикасынын Өкмөтү тарабынан каржыланган «Заманбап башкаруу тутумдарын (SCADA/DMS) киргизүү аркылуу Кыргызстандын электр тармактарынын туруктуулугун жогорулатуу» пилоттук долбоорунун алкагында уюштурулду. Долбоор 2025–2027-жылдарга эсептелген жана анын жалпы бюджети 2,5 млрд вонду түзөт.
Санариптик трансформация: SCADA жана DMS
Долбоордун негизги максаты — «КУЭТ» ААКтын базасында заманбап Бөлүштүрүүнү башкаруу борборун (DCC) түзүү. Бул борбор жогорку технологиялык SCADA/DMS программалык камсыздоосу менен жабдылып, төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү берет:
• Электр тармактарын реалдуу убакыт режиминде аралыктан көзөмөлдөө жана башкаруу;
• Мүчүлүштүктөрдү тез арада аныктоо жана электр энергиясын берүүнүн ишенимдүүлүгүн жогорулатуу;
• Бөлүштүрүлгөн энергия булактарын тутумга интеграциялоо.
Адистердин квалификациясын жогорулатуу
Семинардын жүрүшүндө «КУЭТ» ААКтын адистерин окутуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. 2026-жылдын июль айында ишкананын 7 алдыңкы адиси (инженерлер, диспетчерлер жана РЗА адистери) Түштүк Кореяга 10 күндүк стажировкага жөнөп кетишет. Бул окутуу кыргызстандык адистерге жаңы тутумду сырткы эксперттердин жардамысыз, өз алдынча иштетүүгө жана келечекте долбоорду масштабдаштырууга жол ачат.
Иш-чарага «КУЭТ» ААКтын башкы директорунун капиталдык курулуш жана инвестициялар боюнча орун басары Искандер Адиев жана ишкананын жооптуу кызматкерлери, ошондой эле Бишкек электр тармактар ишканасынын жана Түндүк РЭТтин өкүлдөрү катышты.
Корея тараптан KOICA өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги, Green Energy Institute жана PowerplusENC Co., Ltd. компаниясынын эксперттери катышып, DARUM программалык камсыздоосунун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат беришти.