Колл - борбор: 105; 1209

«Мой свет» мобилдик тиркемесине электр энергия менен камсыздоо боюнча билдирүүлөрдүн бардык түрлөрү туташтырылды

11 Август 2023 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК «Мой свет» мобилдик тиркемесин төмөнкү маселелер боюнча абоненттерге билдирүүлөр менен толуктады:

- төлөбөгөндүгү үчүн электр энергиясы өчүрүлгөндө (абонентте акылдуу эсептегич орнотулган болсо);

- аткарылып жаткан иштердин дарегин, күнүн жана убактысын көрсөтүү менен пландуу өчүрүүлөр жөнүндө;

- электр энергиясы үчүн онлайн эсеп-квитанция келүү жөнүндө;

- электр энергиясы үчүн карыздын же ашыкча төлөөнүн бар экендиги жөнүндө;

Белгилей кетсек, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын абоненттери өчүрүүлөр, баланс жана «Мой свет» тууралуу маалыматтарды компаниянын расмий www.nesk.kg сайтынан да көрө алышат.