Колл - борбор: 105; 1209

Нарын облусунда «КУЭТ» ААКнын жаңы административдик имараты пайдаланууга берилди

23 Октябрь 2025 ж.

Бүгүн, 2025-жылдын 23-октябрында
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Энергетика министринин орун басары Эмилбек Ысманов, “КУЭТ” ААКнын капиталдык курулуш жана инвестициялар боюнча башкы директорунун орун басары Искандер Адиев Нарын облусуна иш сапары менен барып, Нарын райондук электр тармагынын жаңы административдик имаратынын ачылыш аземине катышышты.

Жаңы имараттын ишке берилиши аймактын энергетикалык инфраструктурасын чыңдоого, калкты сапаттуу тейлөөгө жана энергетика кызматкерлери үчүн заманбап шарттарды түзүүгө олуттуу салым кошот. Бул курулуш “КУЭТ” ААКнын өздүк каражатынан жүзөгө ашырылды.

Жаңы административдик имарат — 3 кабаттуу, жалпы аянты 919,66 чарчы метр, сметалык наркы 55 миллион 250 миң сомду түзөт. Курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын май айында башталып, бүгүн толугу менен аяктап, пайдаланууга берилди.

Маалымат үчүн: Мурунку имарат 1975-жылы курулуп, ишке берилген. Убакыттын өтүшү менен ал кызматкерлердин жана калктын талаптарына жооп бербей калгандыктан, Тянь-Шань жана Нарын райондук электр тармактарын оптимизациялоонун алкагында жаңы имарат куруу зарылчылыгы пайда болгон. Бул имараттын курулушу 100гө жакын кызматкердин иш шарттарын жакшыртып, жарандарды заманбап, ыңгайлуу шартта тейлөөгө кеңири мүмкүнчүлүк жаратты.

Бул — Нарын облусунун энергетика тармагындагы чоң жетишкендик жана энергетиктер үчүн олуттуу колдоо болуп саналат.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы, Камчыбек Ташиев:

“Бардык РЭСтер эскилиги жеткен, буга чейин каралган эмес. Эми бир эле Нарында эмес Республика боюнча райондук электр тармактарын жаңылоо керек, эми азыр мүмкүнчүлүк бар, жакшы шарттарды түзүү керек”.

Энергетика министрлиги реформанын алкагында 31- август Эгемендүүлүк күнүнө карата 11 объектини ишке киргизген, дагы жыл аягына чейин 10го жакын объектини ишке берүү пландалууда.