Колл - борбор: 105; 1209

Ноокат районундагы селден жабыркаган 10 кВ электр чубалгыларынын 43 тирөөчү калыбына келтирилди

2 Июль 2024 ж.

2024-жылдын 2 июлуна  саат  16:00 го карата Ош облусунун Ноокат районунда «КУЭТ» ААКтын филиалы Ош электр тармактары ишканасынын энергетиктери селдин кесепетинен бузулган 10 кВ электр чубалгыларынын  43  тирөөчүн калыбына келтиришти. Калктуу коңуштарда  дээрлик бардык абоненттерге электр энергиясы берилди. Башка тирөөчтөрдүн абалын жана аба чубалгылардын  маршрутун жөө текшерүү улантууда.

«Ноокат, Араван, Ош, Сулайман-Тоо» жана башка  РЭТтеринин авариялык-калыбына келтирүү топтору, 15 атайын техникасы менен 40 техникалык кызматкерлер  күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат. Мындан тышкары компаниянын кызматкерлери табигый кырсыктан жабыркагандарга үйлөрүн  тазалоого жардам берүшүүдө.  

Белгилей кетсек, «КУЭТ» ААКтын башкы директору  Алтынбек Рысбеков  ошол жерде ыкчам  иштерди көзөмөлдөө боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

Энергетиктер электр жабдууларын тез калыбына келтирүү үчүн бардык күч-аракетин жумшап,  селдин кесепеттерин жоюуда жергиликтүү элге жардам көрсөтүү үчүн бардык аракеттерди көрүүшүдө.