Колл - борбор: 105; 1209

«‎Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКта комисиялар 0,4 – 500 кВ электр тармактарынын күз-кыш мезгилине өтүүгө даярдыгын текшерүүдө

26 Сентябрь 2024 ж.

«‎Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКта 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча 0,4 – 500 Кв  электр тармактарынын текшерүү үчүн бир нече комиссия түзүлгөн.   

Комиссия мүчөлөрү компаниянын филиалдарына – электр тармактарынын ишканаларына чыгып, бекитилген программага ылайык күз-кыш мезгилине   даярдык көрүү боюнча пландаштырылган иш-чаралардын сапатын, көлөмүн жана өз убагында аткарылышын баалашууда. Бул иш-чаралардын ичине капиталдык курулуш пландарын аткаруу, энергетикалык объекттердин, имараттардын, курулуштардын, автоунааларын ондоо иштерин текшерүү кирет. Ошондой эле бардык бөлүмдөрдүн жана кызматтардын мобилизациялык даярдыгын жогорулатуу боюнча иш-чаралардын болушун жана аткарылышын текшерип, аба температурасынын кескин төмөндөшү, муз тоңуу, катуу шамал сыяктуу күтүлгөн аба-ырайынын шарттарында иштин ыкчам жана ишенимдүү аткарылышы талап кылынган башка бир катар пункттарды карап чыгышат. 

Комиссиянын курамына КР Энергетика министрлигинин, Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызматынын  жана КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын өкүлдөрү, ошондой эле «‎Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын борбордук аппаратынын техникалык кызматтарынын жетекчилери жана адистери кирген. 

Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча жана тиешелүү текшерүү актылары түзүлгөндөн кийин «‎Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалдарына күз-кыш мезгилге  өтүүгө даярдык паспорттору берилет.