Бүгүн, 14-март 2025-жылы «КУЭТ» ААКнын Директорлор кеңешинин төрагасы А. Д.Турдубаев жана "КУЭТ" ААКнын башкы директору А. Р. Рысбеков компаниянын жамаатына жаңы башкы директордун биринчи орун басары Ш. Н. Матаевди тааныштырышты.
Компаниянын жетекчилери Ш.Н. Матаевге жооптуу ишинде ийгиликтерди каалашты. Ал эми буга чейин бул кызматты аркалаган Доктурбай уулу Жолдошбекке жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдиришти. Доктурбай уулу Жолдошбек өз каалоосу менен бул ээлеген кызматынан бошотулган.
«КУЭТ» ААКнын башкы директорунун жаңы биринчи орун басары Матаев Шамил Нурбекович Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетин «Электр станциялары» адистиги боюнча бүтүргөн. 2005-жылдан баштап «КУЭТ» ААКнын Чүй филиалында өндүрүштүк кызматтарда иштеген, акыркы кызмат орду башкы инженер болгон.