Колл - борбор: 105;

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКта коррупцияга каршы аракеттенүү жана санариптештирүү маселелери талкууланды

23 Март 2026 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын борбордук аппаратында коррупциянын алдын алуу, мыйзамдуулукту бекемдөө жана энергетика тармагындагы ачык-айкындуулукту камсыздоо максатында кеңири курамдагы жыйын өттү.

Иш-чарага Энергетика министрлигинин коррупцияга каршы ыйгарымдуу өкүлү, КР Башкы прокуратурасынын өкүлү, компаниянын жетекчилиги жана “Мыйзам Тартип Талап” коррупцияга каршы коомдук бирикмесинин аткаруучу директору катышты.

Коррупцияга каршы жаңы стратегия жана көзөмөл жыйындын жүрүшүндө Башкы директордун биринчи орун басары Ш.Н. Матаев ишканада 10 миңден ашык кызматкер эмгектенерин белгилеп, ар бир адис коррупцияга каршы күрөшүүдө жеке жоопкерчиликти сезиши керектигин баса белгиледи.

КР Башкы прокуратурасынын өкүлү М.С.Абдыкулов Президенттин коррупцияга каршы мамлекеттик саясатын ишке ашыруу алкагында энергетика тармагы өзгөчө көзөмөлдө экенин эскертти. Ал эми “Мыйзам Тартип Талап” коомдук бирикмесинин директору С.С. Ибрагимов коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу үчүн мониторинг жана консультациялык жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Санариптештирүү – ачык-айкындуулуктун кепилдиги.

Коррупцияны чектөөнүн негизги куралы катары ишканада санариптештирүү иштери активдүү жүрүүдө.

Алсак:

  • Учурда республика боюнча 1 643 042 эсептегич орнотулса, анын 56,6% (938 000) “акылдуу” эсептегичтер түзөт.
  • 2026-жылдын аягына чейин Дүйнөлүк банктын колдоосу менен дагы 390 000 акылдуу эсептегич орнотуу пландалууда.
  • Бул чаралар жоготууларды азайтып, кызматкер менен кардардын ортосундагы түз байланышты минимизациялайт жана электр энергиясын уурдоого бөгөт коёт.

Маалыматтык саясат жана коопсуздук жыйында коррупцияга каршы үгүтөөнү күчөтүү, ММК жана социалдык тармактар аркылуу эл менен кайтарым байланышты орнотуу маселелери каралды. Ошондой эле, стратегиялык объект катары киберкоопсуздукту чыңдоо жана мамлекеттик сатып алуулардагы (тендерлердеги) ачык-айкындуулукту камсыздоо боюнча сунуштар айтылды.

Жыйынтык жыйындын соңунда төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:

  1. Кызматкерлер арасында коррупцияга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин туруктуу жүргүзүү.
  2. 2025-2030-жылдарга каралган коррупцияга каршы аткаруу планын өз убагында ишке ашыруу.
  3. Бардык филиалдарда жана кеңселерде жарандар үчүн ишеним телефондорун көрүнүктүү жерлерге жайгаштыруу.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК таза жана натыйжалуу иштөө принцибин кармануу менен келерки күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин ачык-айкын жүргүзүүнү улантат.