Колл - борбор: 105; 1209

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКта «0,4-6-10-35 кВ тармактарды өнүктүрүү» темасындагы «Бирдиктүү бетачар күнү өтүүдө»

27 Май 2024 ж.

Ага негизги электр энергетикалык жабдууларды чыгарган 27 компаниянын, Кыргызстандын жана башка жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн илимий чөйрөлөрүнүн жана жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышууда.Иш-чараны энергетика министри Таалайбек Ибраев ачты. Ал өз сөзүндө «Бирдиктүү бетачар күнүн» өткөрүүнүн негизги максаты- инновациялык атаандаштыкка жөндөмдүү идеяларды, даяр продукциялар жаңы технологиялар менен таанышып, аларды өндүрүштө колдонуу маанилүү экендигин белгилеп, катышуучуларга жемиштүү иш каалады.«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директорунун капиталдык курулуш жана инвестициялар боюнча орун басары Ильгиз Сыдыгалиев катышуучулар менен учурашып, компаниянын ишмердүүлүгү, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан реформалар жөнүндө айтып берди.«Акыркы жылдары «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКна электр-тармактар бөлүштүрүүчү ишканалардын биригишине байланыштуу биз төмөнкү чыңалуу тармактарды да өнүктүрө баштадык. Электр тармактары комплексинин жабдуулары дайыма жаңыланууга жана реконструкциялоого муктаж. Быйылкы жылы 150 даана кошумча трансформатордук көмөк чордондорун орнотуу жана 296,5 чакырымдагы аба чубалгыларын куруу жана реконструкциялоо пландаштырылууда», - деп белгиледи ал.«Бирдиктүү бетачар күн» 2024-жылдын 23-24-майында эки күндүн ичинде өтөт.Иш-чаранын программасы төмөнкүлөрдү камтыйт:- Инновациялык чечимдердин жана технологиялардын презентациялары;- Тармактын эксперттеринин катышуусундагы дискуссиялар жана тегерек столдор;- Акыркы жабдуулардын жана технологиялардын көргөзмөсү;- Чыңалуудагы иштерди көрсөтүү.