Колл - борбор: 105; 1209

Кочкор районунда өзгөчө кырдаалдарды жою боюнча мобилдик бригадалардын катышуусунда машыгуулар өткөрүлдү

10 Ноябрь 2025 ж.

Машыгуулар 2025-жылдын 2–9-ноябрь күндөрү «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы Нарын электр тармактар ишканасынын Кочкор райондук бөлүмүндө болуп өттү. Ага Бишкек, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын филиалдарынын электр тармактар ишканаларынан түзүлгөн 9 мобилдик бригада катышты.


Машыгуунун максаты – кызматкерлердин, мобилдик бригадалардын жана жетекчилердин өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу, керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоону калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды уюштуруу жана аткаруу боюнча практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүү.

 

 Ошондой эле компаниянын технологиялык бузулууларды жана өзгөчө кырдаалдарды ыкчам жоюуга даярдыгын, авариялык-түзөтүүчү запастардын, квалификациялуу адистердин жана атайын техниканын жетиштүүлүгүн текшерүү болду.


Машыгуу учурунда катышуучулар Оперативдик штабдын жетекчилиги астында өзгөчө кырдаалдарды жоюунун схемасын жана уюштуруусун иш жүзүндө өздөштүрүштү. Иш учурунда коопсуздук техникасынын талаптарын сактоого жана бригадаларды өз убагында алмаштырууга өзгөчө көңүл бурулду.


Мындай ири машыгуулар биринчи жолу өткөрүлүп, башка аймактардан кошумча күчтөр менен техникаларды өзгөчө кырдаал чыккан жерге ыкчам жеткирүү ыкмалары иштелип чыкты.


Машыгуунун жыйынтыгында кесиптик бөлүктөрдүн электр жабдууларындагы мүмкүн болгон мүчүлүштүктөрдү тез жоюуга даяр экени тастыкталды жана мобилдик бригадалар ийгиликтүү катышканы үчүн ыраазычылык каттары менен сыйланышты.