«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК акционерлердин жылдык жалпы чогулушун өткөрдү
25 Май 2026 ж.
2026-жылдын 25-майында «Кыргыз улуттук электр тармагы» ААКнын жыйындар залында акционерлердин жылдык жалпы жыйыны өттү.
Жыйында төмөндөгү суроолор каралды:
- Эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү туурасында.
- 2025-жылдагы Коомдун каржы-чарбалык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары туурасындагы Башкы дирекциясынын отчету жөнүндө.
- Коомдун 2025-жылдагы бюджетинин аткарылышы туурасындагы башкы дирекциясынын отчету жөнүндө.
- 2025-жылдагы Коомдун кирешелеринин жана чыгашаларынын эсеби, жылдык баланс жөнүндө.
- Коомдун көз карандысыз аудиторунун 2025-жыл боюнча корутундусу жөнүндө.
- Коомдун Текшерүү комиссиясынын 2025-жыл боюнча корутундусу жөнүндө.
- Коомдун Директорлор кеңешинин 2025-жыл боюнча отчету.
- 2026-жылга карата Коомдун жылдык бюджети жөнүндө.
- Коомдун Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө.
- Коомдун Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо туурасында.
- Коомдун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө төлөнүүчү сыйакылардын жана компенсациялардын өлчөмдөрүн бекитүү туурасында.
- Коомдун Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнө төлөнүүчү сыйакылардын жана компенсациялардын өлчөмдөрүн бекитүү туурасында.
- 2026-жылга карата коомдун көз карандысыз аудиторун жана ага кызмат акысынын өлчөмүн бекитүү.
Жыйында тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Жыйындын жыйынтыктары «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын расмий сайтына жарыяланат.