Колл - борбор: 105; 1209

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКта акционерлердин кезексиз жалпы чогулушу болуп өттү

18 Декабрь 2024 ж.

2024-жылдын 18-декабрында  «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКта акционерлердин кезексиз жалпы чогулушу болуп өттү.

Чогулушта төмөнкү маселелер каралып чыкты:

КҮН ТАРТИБИ:

  1. Санак комиссиясынын курамын бекитүү.
  2. Коомдун жөнөкөй аталыштагы акцияларынын санын көбөйтүү жана Уставдык капиталын жогорулатуу.
  3. Коомдун кошумча жөнөкөй аталыштагы акцияларынын жабык жайгаштыруусу тууралуу. Бул Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы №661 токтомуна ылайык, «Электр станциялары» жана «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомдорун каржылык калыбына келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине акцияларды жайгаштыруу боюнча жүргүзүлөт.
  4. Коомдун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү.
  5. Коомдун Ревизиялык комиссиясынын Жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү.
  6. Коомду Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында кайра каттоодон өткөрүү.
  7. 2024-жылга карата Коомдун жылдык бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү.
  8. Коомдун Корпоративдик башкаруу кодексин бекитүү.

 Тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Чогулуштун жыйынтыгы жакынкы күндөрү «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын www.nesk.kg расмий сайтындагы билдирүүлөр бөлүмүнө жарыяланат.