17-ноябрь күнү, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын жыйындар залында «Кыргызстан УЭТ» ААКтын Директорлор кеңешинин жыйыны болуп өттү. Жыйынга Директорлор кеңешинин төрагасы Атантай Турдубаев, кеңеш мүчөлөрү Жыргалбек Турускулов, Мирбек Маматов, Ормонбек Кудайбердиев, ошондой эле «Кыргызстан УЭТ» ААКтын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев, башкы директордун биринчи орун басары Шамил Матаев, башкы директордун коммерциялык маселелер боюнча орун басары Уларбек Дуйшө уулу жана ишканадагы өндүрүштүк кызматтардын, бөлүмдөрдүн башчылары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү маселелер каралды:
2025-жылдын 9 айынын ичинде «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын ишинин жыйынтыгы;
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыгы;
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын электр энергиясын сатуу жана капиталдык курулуш боюнча отчеттору угулду.
Жыйынды «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев ачып, андан соң директордун орун басарлары аткарылган иштер жана 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык боюнча маалымат беришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө дебитордук карыздарды азайтуу, курулуш-монтаждоо башкармалыгынын (СМУ) ишмердүүлүгү жана индукциялык эсептегичтерди акылдуу эсептегичтерге алмаштыруу маселелери да талкууланды.
Жыйынтыгында, «Кыргызстан УЭТ» ААКтын Директорлор кеӊешинин төрагасы Атантай Турдубаев энергетиктердин негизги милдети – керектөөчүлөрдү ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу экенин белгилеп, капиталдык курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө аяктоонун зарылдыгын баса белгиледи.