«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКта акционерлердин жылдык жалпы чогулушу болуп өттү

29 Апрель 2024 ж.

 

2024-жылдын 29-апрелинде  «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКта акционерлердин жылдык жалпы чогулушу болуп өттү.

Чогулушта төмөнкү маселелер каралып чыкты:

  1. Эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө.
  2. Коомдун Башкы дирекциясынын 2023-жылдагы каржы-чарбалык ишмердигинин жыйынтыктары боюнча отчету.
  3. Коомдун Башкы дирекциясынынын 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету.
  4. Коомдун 2023-жылдагы жылдык балансы, кирешелер жана чыгашалар жөнүндө.
  5. Коомдун көз карандысыз аудиторунун 2023-жыл боюнча корутундусу жөнүндө.
  6. Коомдун Текшерүү комиссиясынын 2023-жыл боюнча корутундусу жөнүндө.
  7. Коомдун Директорлор кеңешинин 2023-жыл үчүн отчету.
  8. 2024-жылга Коомдун жылдык бюджети жөнүндө.
  9. Коомдун директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө.
  10. Коомдун директорлор кеңешинин мүчөсүн шайлоо жөнүндө.
  11. Коомдун Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө.
  12. Коомдун Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө
  13. Коомдун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө төлөнүүчү сыйакылардын жана компенсациялардын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө.
  14. Коомдун Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнө төлөнүүчү сыйакылардын жана компенсациялардын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө.
  15. 2024-жылга коомдун көз карандысыз аудиторун тандоо жана аудитордун кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөнүүчү акынын өлчөмүн аныктоо жөнүндө.
  16. Ар кандай маселелер.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын 2020-жылдын 30-декабрындагы №263-п буйругу менен жактырылган Кыргыз Республикасынын корпоративдик башкаруу кодексин колдонуу жана ишке киргизүү жөнүндө.

Тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Чогулуштун жыйынтыгы жакынкы күндөрү   «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын www.nesk.kg расмий сайтындагы «Билдирүүлөр» бөлүмүнө жарыяланат.