Колл - борбор: 105;

"Кыргызстан УЭТ" ААКда оңдоо иштери башталды

1 Апрель 2026 ж.

Жаздын башталышы менен энергетиктер алдыдагы күз-кыш мезгилине энергообъектилерди даярдоо боюнча күчөтүлгөн тартипте иштерди башташат.

Келе жаткан 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн капиталдык оңдоо, техникалык тейлөө, реконструкциялоо иштеринин графиги түзүлүп, керектүү материалдар менен камсыздалып, пландык иш-чаралар киргизилген.

Керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу үчүн "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК 2026-жылы 10 даана жогорку чыңалуудагы 110 кВ көмөк чордондун кубаттуулугун жогорулатууну, ошондой эле 248 даана 6-10/0,4 кВ трансформатордук көмөк чордондорду орнотууну жана алмаштырууну пландаштырууда.

Капиталдык оңдоо иштеринин алкагында "Кыргызстан УЭТ" ААК 2026-жылы жогорку чыңалуудагы 35-500 кВ чыңалуудагы көмөк чордондордогу 216 даана жабдууну оңдоп жана 564 даана жабдууну техникалык тейлөөдөн өткөрөт. Буга кошумча жогорку чыңалуудагы 35-500 кВ 927,8 чакырым аба чубалгыларын, 10/6-0,4 кВ чыңалуудагы 2398,2 чакырым аба чубалгыларын, 21 321 даана трансформатордук көмөк чордонду капиталдык оңдоодон өткөрөт.

Мындан тышкары, ишкана 226 чакырым 6-10 кВ чыңалуудагы аба чубалгыларын жана 533 чакырым 0,4 кВ чыңалуудагы аба чубалгыларын өзүн өзү кармап туруучу изоляцияланган зымдарды (ӨӨКИЗ) колдонуу менен реконструкциялоону жана курууну пландаштырган.

Белгилей кетсек, электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгү жабдуулардын үзгүлтүксүз иштөөсүнөн гана эмес, көп нерсе электр берүү чубалгысынын абалынан да көз каранды. Анткени, көп учурда аба чубалгыларына бак бутактары тийип калган, электр зымдарга кулаган дарактар өчүрүүлөрдүн себеби болуп калат. Быйылкы жылы оңдоо кампаниясынын алкагында 11973, 6 чакырым 0,4-6-10 кВ чыңалуудагы аба чубалгыларына тийип калган бак-дарактардын бутактарын кесүү иштери жүргүзүлөт.

"Кыргызстан УЭТ" ААК оңдоо иштерин жүргүзүү учурунда коопсуздук үчүн электр менен камсыздоодо үзгүлтүктөр болушу мүмкүн экенин эскертет жана керектөөчүлөрдөн жүргүзүлүп жаткан иштерди түшүнүү менен кабыл алууну суранат. Электр энергиясынын пландаштырылган өчүрүүлөрү тууралуу маалымат компаниянын сайтында, социалдык баракчаларында жана ЖМКларда жарыяланат.