Колл - борбор: 105;

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК жаңы башкы директор дайындалды

13 Ноябрь 2026 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын Директорлор кеңешинин чечими менен компаниянын башкы директору кызматына Рустам Сакиев дайындалды.

Бүгүн, 13-ноябрда, Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары Мирлан Парханов жаңы жетекчини компаниянын жамаатына тааныштырды. Жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары «КУЭТ» ААКтын алдында турган негизги милдеттерди белгилеп, керектөөчүлөрдү ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоо, электр тармактарын модернизациялоо, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана өлкөнүн энергетикалык инфратүзүмүн мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Өзгөчө көңүл күз-кыш мезгилинде электр тармактарынын туруктуу иштешине, оңдоо иштерин өз убагында жүргүзүүгө, абоненттерди тейлөө сапатын жогорулатууга жана заманбап санариптик технологияларды киргизүүгө бурулду.

Компаниянын Директорлор кеңешинин төрагасы Жыргалбек Турускулов жаңы башкы директорго ишинде ийгиликтерди каалап, коюлган милдеттерди аткаруу үчүн компаниянын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ырааттуу өз ара аракеттенүүсү зарыл экенин белгиледи.

Рустам Сакиев энергетика тармагында 2011-жылдан бери эмгектенет. Билими боюнча — И. Раззаков атындагы КТУнун «Электр менен камсыздоо» адистигинин бүтүрүүчүсү. Кесиптик ишмердүүлүгүндө өзүн электр энергетика тармагында зарыл билимге жана практикалык тажрыйбага ээ болгон тажрыйбалуу, жоопкерчиликтүү адис жана жетекчи катары көрсөтө алган.

Өз кезегинде жаңы жетекчи көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, «КУЭТ» ААКты мындан ары өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын электр тармактарынын ишенимдүү иштешин камсыздоого болгон күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирди.

Маалымкат:

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК — электр энергиясын өткөрүүнү жана бөлүштүрүүнү, ошондой эле электр тармактарын эксплуатациялоону, техникалык тейлөөнү жана өнүктүрүүнү ишке ашыруучу компания.