Колл - борбор: 105;

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК компаниянын негизги милдеттери жана 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык талкууланды

19 Сентябрь 2026 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигинин, Директорлор кеңешинин, Башкы дирекциянын жана компаниянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда кеңейтилген жумушчу жыйын өттү.

Жыйынга «КУЭТ» ААКтын бардык филиалдары — Бишкек, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Нарын жана Ысык-Көл электр тармактар ишканалары катышты.

Жыйындын жүрүшүндө аткарылып жаткан иштердин жыйынтыгы чыгарылып, алдыдагы мезгилге карата артыкчылыктуу милдеттер белгиленди. Министр ШКУнун алкагындагы иш-чараларды, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөөнү кошкондо, ири мамлекеттик жана эл аралык иш-чаралар учурунда электр энергиясы менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз камсыз кылууда «КУЭТ» ААКтын жамаатынын биргелешкен, ырааттуу ишин белгиледи.

Энергетика тутумун 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоого өзгөчө көңүл бурулду. Филиалдардын алдына оңдоо жана алдын алуу иштеринин темпин максималдуу күчөтүү, электр тармак жабдууларынын, авариялык бригадалардын жана атайын техниканын даярдыгын камсыз кылуу, ошондой эле зарыл болгон материалдык резервдерди түзүү милдеттери коюлду.

Кадр маселелери да өзүнчө талкууланды. Адистерди системалуу даярдоонун жана алардын квалификациясын жогорулатуунун, тажрыйбалуу энергетиктердин кесиптик тажрыйбасын жаш адистерге өткөрүп берүүнүн, ошондой эле компаниянын кадрдык дараметин өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

«КУЭТ» ААКтын ишиндеги башкы артыкчылыктардын бири — керектөөчү. Техникалык жана өндүрүштүк көрсөткүчтөрдүн артында, биринчи кезекте, адамдар турганы белгиленип, электр энергиясы менен ишенимдүү камсыз кылуу, тейлөөнүн сапаты, маалыматтын жеткиликтүүлүгү жана абоненттердин кайрылууларына ыкчам жооп берүү компаниянын бардык бөлүмдөрүнүн көңүл чордонунда болууга тийиш экени баса белгиленди.

Директорлор кеңешинин жана Башкы дирекциянын өкүлдөрү да мындан аркы иштин артыкчылыктуу багыттарын белгилешти. Алардын катарында электр тармак комплексин модернизациялоо, өндүрүштүк жана кардарларды тейлөө процесстерин санариптештирүү, электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана керектөөчүлөр менен өз ара иштешүүнүн сапатын жакшыртуу маселелери бар.

Жыйындын жыйынтыгында «КУЭТ» ААКтын аймактык филиалдары жана түзүмдүк бөлүмдөрү үчүн негизги милдеттер аныкталды. Алдыдагы мезгилдеги башкы максат — өлкөнүн электр тармак комплексинин ишенимдүү иштешин камсыз кылуу жана энергетика тутумун алдыдагы күз-кыш мезгилинен туруктуу өткөрүүгө жогорку деңгээлде даярдоо.