Колл - борбор: 105;

«КУЭТ» ААКта күз-кыш мезгилине даярдык жана иш натыйжалуулугун жогорулатуу багыттары аныкталды

19 Сентябрь 2026 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунда Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин, Директорлор кеңешинин, Башкы дирекциянын жана компаниянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда кеңейтилген жумушчу жолугушуу болуп өттү.

Ошондой эле «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын бардык аймактык филиалдары катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө компаниянын финансылык-чарбалык жана өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык, 2027-жылга Бизнес-планды түзүү, чыгымдардын натыйжалуулугун жогорулатуу, электр тармактардын ишенимдүүлүгү жана абоненттерди тейлөөнүн сапаты маселелери каралды.

Күз-кыш мезгилине даярдык жана электр тармактык комплекстин ишенимдүүлүгү

Энергосистеманы 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо негизги маселелердин бири болду. Директорлор кеңеши кышкы максималдуу жүгөмгө даярдык көрүү боюнча өзүнчө иш-чаралар комплексинин аткарылышын камсыз кылууну, оңдоо жана алдын алуу иштерин күчөтүүнү, жабдуулардын, авариялык бригадалардын жана зарыл болгон материалдык резервдердин даярдыгын камсыз кылууну тапшырды.

Эң көп жүктөлгөн жана техникалык жактан көйгөйлүү электр тармактарынын тилкелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тармак инфраструктурасын курууну жана реконструкциялоону тездетүү, жаңы эсептегич приборлорду орнотууну өз убагында аяктоо жана трансформаторлорду жана башка жабдууларды диагностикалоо боюнча иштерди күчөтүү милдеттери коюлду.

Директорлор кеңеши жабдуулардын техникалык абалын баалоого болгон мамилени өзгөртүү зарылдыгын өзүнчө белгиледи: оңдоо жана алмаштыруу боюнча чечимдер объективдүү диагностиканын негизинде кабыл алынышы тийиш. Бул багытта адистештирилген диагностикалык борборду түзүү маселеси каралат.

Компаниянын өзүнүн техникалык компетенцияларын өнүктүрүү иштери улантылат. Кабель кызматынын базасында 35 кВ жана андан жогорку чыңалуудагы кабелдик муфталарды монтаждоо жана оңдоо боюнча адистерди даярдоону уюштуруу тапшырылды.

Рационалдуу пландоо жана ресурстарды натыйжалуу пайдалануу

Директорлор кеңеши «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын 2027-жылга Бизнес-планын түзүүгө олуттуу көңүл бурду. Артыкчылыкты электр менен жабдуунун ишенимдүүлүгүнө түздөн-түз таасир этүүчү иш-чараларга: тармактарды модернизациялоого жана реконструкциялоого, ири көмөкчордондорду жана электр берүү линияларын курууга жана күчөтүүгө, эскирген жабдууларды алмаштырууга жана стратегиялык жактан маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга берүү сунушталууда.

Ачык-айкындуулук, коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу жана жетекчилердин жеке жоопкерчилиги

Директорлор кеңеши башкаруу жана финансылык дисциплинаны жогорулатууну бардык деңгээлдеги жетекчилерге коюлган негизги талаптардын бири катары белгиледи. Филиалдарга бузуулардын, коррупциялык тобокелдиктердин жана башка кемчиликтердин алдын алуу боюнча алдын алуу иштерин системалуу негизде жүргүзүү тапшырылды. Белгиленген жол-жоболорду сактоого, кабыл алынып жаткан чечимдердин ачык-айкындуулугуна, чыгымдардын негиздүүлүгүнө жана компаниянын мүлкүн жана ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга өзгөчө көңүл бурулууга тийиш.

Ошондой эле Башкы дирекцияга компаниянын уюштуруу жана өндүрүштүк түзүмүн оптималдаштыруу боюнча сунуштарды, анын ичинде курулуш-монтаждоо багытын мындан ары өнүктүрүүнү даярдоо тапшырылды.

Кадрлар жана керектөөчүлөрдү тейлөө сапаты

Кызматкерлерди кесипкөйлүккө даярдоо, инженердик компетенцияларды сактоо жана тажрыйбаны жаш адистерге өткөрүп берүү өзүнчө артыкчылык бойдон калууда. Өндүрүштүк жана финансылык көрсөткүчтөр электр менен жабдуунун ишенимдүүлүгүнө жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатына түздөн-түз таасир этиши керектиги баса белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Директорлор кеңеши жакынкы мезгилге карата негизги артыкчылыктарды аныктады:

·         2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүү;

·         2027-жылга Бизнес-планды рационалдуу түзүү;

·         Ресурстарды стратегиялык маанилүү объектилерге топтоо;

·         Финансылык дисциплинаны жогорулатуу;

·         Коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу жана жетекчилердин жеке жоопкерчилигин күчөтүү.

Негизги милдет — компаниянын туруктуу иштешин камсыз кылуу, ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана электр менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн жана керектөөчүлөрдү тейлөө сапатын ырааттуу түрдө жогорулатуу.