Колл - борбор: 105; 1209

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКда «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө жарлык менен тааныштыруу боюнча иш-чаралар өтүүдө

25 Февраль 2025 ж.

2025-жылдын 25-февралында  «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын  жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен кабыл алынган «Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктиктер» Уңгужолу менен  тааныштырууга арналган иш-чара өттү.  Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев,  «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын  башкы директорунун орун  басары Ильгиз Сыдыгалиев жана компаниянын кызматкерлери катышты.

Белгилей кетсек,  компаниянын бардык филиалдарында дагы — электр тармактарынын ишканаларында ушул сыяктуу иш-чаралар өткөрүлгөн.

Уңгужолдун  негизги багыттары бул үй-бүлө, коом жана мамлекет. Мамлекеттик, коомдук-саясий, жарандык институттардын ишин бир нукка салуу менен нарктуу, мекенчил, жоопкерчиликтүү жарандарды калыптандырып, кубаттуу мамлекет куруу болуп саналат.

2024-жылдын 18-декабрында өлкө башчы С. Жапаров «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Документ өлкөнүн өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында иштелип чыгып идеологиялык негиздерди жана стратегиялык багыттарды камтыган.

КР Президентинин «Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө жарлыгы