Колл - борбор: 105; 1209

Оштогу 110/10 кВ “Кең-Сай” көмөк чордону ишке киргизилди

30 Октябрь 2025 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Ош шаарынын Кең-Сай массивинде жайгашкан “Кең-Сай” көмөк чордонун пайдаланууга берди. Аталган көмөк чордон планда көрсөтүлгөн мөөнөтүнөн мурда бүткөрүлдү. 

 

Ачылыш аземге энергетика министри Таалайбек Ибраев жана Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын башкы директору И.Сыдыгалиев жана жергиликтүү тургундар катышышты. 

 

Көмөк чордонду куруу иштери  “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК тарабынан ишке ашырылып, жалпы 18 500,0 миң сом сарпталды. 

 

Жаңы 110/10 кВ «Кең-Сай» көмөк чордону  ишке кирүүсү менен  Кең-Сай жаңы конушун, Гулбаар, Кеңеш жана Жапалак айылдарын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздайт. 

Мындан тышкары Ош шаарынын 3000 түтүнүн, ал эми Араван районунун 1124 гектар жер аянтындагы 6877 адамга бөлүнгөн жер тилкесин электр энергиясы менен камсыз кылат. 

 

Ошондой эле, 110/6 кВ “Учар” жана 35/10 кВ “Гулбаар” көмөк чордондорун ашыкча жүктөмдөн арылтат.  Кен-Сай турак-жай конушун өнүктүрүү максатында курулуп, 1824 га жер тилкесиндеги социалдык, өнөр жай, коомдук жана жеке менчик үйлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыздайт.

 

 Көмөк чордон 230 метр аралыкта жаңы курулган 110 кВ аба чубалгысы аркылуу «Узловая-Мангыт» аба чубалгысына туташтырылган.

 

Ага жаңы орнотулган электр жабдуулар:

•Кубаттуулугу 6,3 МВА болгон трансформатор

•110 кВ элегаздык өчүргүч жана ажыраткыч

•24 даана 10 кВ (КРУН) бөлүштүрүүчү чөнөктөр

•18 бөлүктүк вакуумдук өчүргүчтөр (ишке берилген 5 даана: 3 керектөөчүлөргө, 1 ТСН, 1 ТН-10кВ)

•Ыкчам башкаруу пунктуна орнотулган: релелик коргоо жана автоматташтыруу шкафтары, трансформаторду башкаруу жана коргоо шкафтары, чыналуу трансформатор шкафы, оперативдик токту бөлүштүрүүчү шкаф, батареялык шкафтар, электр эсептегич жана өздүк керектөөчү шкаф.

 

Ош электр тармактарынын энергетиктери тарабынан бардык электр жабдуулары текшерилип, сыноо-тесттерден өткөн жана стандарттык нормада ишке киргизүүгө даяр.

•10 кВ аба чубалгысынан узундугу: 15,5 км

•0,4 кВ аба чубалгысынан узундугу: 3,5 км

 

Эске салсак, энергетика министри Таалайбек Ибраевдин  Ош облусуна болгон июль айындагы иш сапарынын алкагында Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев менен биргеликте жараксыз абалда турган көмөк чордондун абалы менен жеринен таанышып,  Ош электр тармактары ишканасына жыл аягына чейин толук ишке берүүнү тапшырма берген. Бүгүнкү күндө курулуш иштери аяктап, пайдаланууга берилди.

 

Аталган көмөк чордон Ош шаарынын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт. Жаңы керектөөчүлөрдү улуттук электр тармактарына кошууга мүмкүндүк берет. Ири, орто жана чакан ишканалардын өнүгүүсүнө шарт түзөт. Ошондой эле шаар тургундарынын жашоо сапатын жакшыртууга жана аймактагы инфраструктураны өнүктүрүүгө чоң салым кошот.