Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан коюлган планга жана талапка ылайык, учурда өлкө боюнча алдыдагы 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгине карата даярдык иштери активдүү жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы тарабынан көмөк чордондордун жана аба чубалгыларында жүргүзүлүп жаткан учурдагы жана капиталдык оңдоо иштеринин аткарылышы 80% ашты.
Капиталдык ремонт иштери:
35-500 кВ чыңалуудагы 138 көмөк
чордондордун жабдуулары капиталдык оңдоп- түзөөдөн өткөрүлдү;
6-10/0,4 кв чыңалуудагы 2 087 даана
трансформатордук көмөк чордондор оңдолду;
35-500 кв чыңалуудагы 687 чакырым аба
чубалгылары оңдолду;
10-0,4 кВ чыңалуудагы 1 973 чакырым аба чубалгылары оңдолду.
Учурдагы ремонт иштери:
35-500 кв чыңалуудагы 412 көмөк чордондор;
6-10/0,4 кв чыңалуудагы 12 224 трансформатордук көмөк чордондор;
35-500 кВ чыңалуудагы 6 005 чакырым аба чубалгылары;
10-0,4 кв чыңалуудагы 24 277 чакырым аба чубалгылары.
Мындан тышкары, «КУЭТ» ААКнын балансындагы имараттарда, өндүрүштүк объектилерде жана автотранспорт каражаттарында пландуу оңдоо иштери уланууда.