Колл - борбор: 105; 1209

Аксы районунун Дейрес-Сай айылында жаңы подстанция курулуп бүттү

5 Июль 2024 ж.

2024-жылдын 5-июлунда Кыргыз Республикасынын энергетика министри Т. Ибраев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Аксы районунун Дейрес-Сай айылына жаңы курулган 35/10 кВ "Дейрес" көмөк чордонунун ишке киргизизүү иш-чарасына катышты 35/10 кВ “Дейрес” көмөк чордонун куруу боюнча

2023-жылдын 15-16-декабрь күндөрү болуп өткөн Республикалык II Элдик курултайда Дейрес-Сай айылына 35/10 кВ көмөк чордонун куруу жана мурда өздөштүрүлүп, бирок пайдаланылбай келген 90 ГА сугатсыз калган жерлерди сурагуу үчүн насостук станция куруу маселеси көтөрүлгөн.

Бул боюнча Аксы районунун делегаттарынын атынан жаңы көмөк чордон куруу боюнча Президентке сураныч арызы түшкөн. Алар “эгерде аталган аймакта электр энергиясы болсо, насосторду коюп Нарын дарыясынан суу алат элек”- деген суроолор менен кайрылышкан.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров аталган аймакка көмөк чордон куруу маселеси боюнча чечим кабыл алуу тапшырмасы берилген.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министири Т.О. Ибраевтин көрсөтмөсүнүн негизинде “Кыргызстан УЭТ” ААКнын жетекчилиги бул маселени талкуулап, аталган айылга көмөк чордон куруу боюнча чечим кабыл алган.

Бүгүнкү күндө бул тапшырма ишке ашып, жаңы көмөк чордон орнотулду. Эми буга чейинки элдин суранычы оорундалып, 90 гектар жер суу менен камсыздалып, сугарылат. Каражат "Кыргызстан УЭТ" ААКтын өздүк эсебинен 16 млн сомго каржыланды.

Мындан улам министр өз сөзүндө “ Энергетика экономиканын булагы. Калкты элект энергиясы менен камсыз кылуу биздин милдет. Президентибиз Садыр Нургожоевичтин тапшырмасына ылайык энергетика тармагындагы тартыштыктан чыгуу үчүн акыркы үч жылда бир катар ЧГЭСтер кулулуп, алды ишке кирүүдө. Ири долбоорлор башталып жатат. Муну менен катар энергетика тармагындагы эскилиги жетип жараксыз абалга келген жабдуулар жаңыланып, кошумча көмөк чордондор орнотулууда. Мына бүгүн биз сиздер менен биргеликте дагы бир жаңы көмөк чордонду ишке киргизебиз. Буга чейинки жергиликтүү тургундар насостук станция куруу менен Нарын дарыясынан суу алуу үчүн электр энергиясы керек экенин билдирип кайрылышкан. Бүгүн бул тилектер орундалып, жаңы көмөк чордон коюлуп, суу маселеси чечилди. Бул албетте ар бир тургундун жерди иштетүүсүнө шарт түзүп, экономиканын өсүшүн жакшыртат” - деп баса белгиледи.

Ал эми "Кыргызстан УЭТ " ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбеков, - ар дайым калкты электр энергиясы менен камсыздоодо бардык мүмкүнчүлүгүбүздү жумшап жатабыз. Алды 60-70 жыл кызмат кылган электр мамычаларды, аба чубалгыларды алмаштырып жатабыз. Бул көмөк чордон дагы компаниянын каражатын үнөмдөөдөн курулду. Ошону менен бирге жергиликтүү бийлик менен да тыгыз иш алып баруудабыз дейт

Маалыматка ылайык, 35/10 кВ “Дейрес” көмөк чордону курулганга чейин

Дейрес-Сай айылы 35/10 кВ “Үч-Коргон” КЧдан чыккан 10 кВ “Дейрес” аба чубалгысы аркылуу электр энергиясы менен камсыз болуп келген. Ортодогу Терс, Кичи-Терс жана Калпак айылдарынын калкы жана насостук станциялары да ушул аба чубалгы аркылуу электр энергиясы менен камсыз болуп келишкен.

35/10 кВ “Дейрес” көмөк чордонунун курулгандан кийинки электр энергиясы менен жабдуунун абалы бир кыйла жакшырып,

электр энергиянын сапаты жана ишенимдүүлүгү жогорулады.

Көмөк чордондун ишке берилишине байланыштуу төмөндөгү маселелер чечилди:

  • Мурда өздөштүрүлүп, бирок пайдаланылбай келген 90 ГА жерге айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө шарт түзүлдү.
  • Айыл өкмөттүн өнүгүү планы боюнча Дейрес-Сай айылынан кошумча 20 ГА жерди айыл чарба жана башка багытынан калктуу конуштар категориясына өткөрүү боюнча документтер даярдалып башталды.
  • Калкты ичүүчү суу менен борборлоштурулуп камсыздоо курулушу жүргүзүлүүдө, бул багытта долбоор боюнча каскаддык насостук станциялар курулат.
  • Инфраструктураны, кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.
  • Ички миграцияны ооздуктоого, эң негизгиси чек арага чектеш айылдардын калкынын туруктуу өнүгүүсүнө, ошону менен бирге чек араларды коргоо потенциялынын өсүшүнө алып келет.

Электр энергиясы менен талаптагыдай камсыздоо - айылдардын өнүгүүсүнүн негизи.

  • Дейрес-Сай, Терс, Кичи-Терс жана Калпак айылдарындагы сугат насостору 35/10 кВ “Үч-Коргон” көмөк чордонунан чыккан узундугу 25,4 км болгон бир фидер аркылуу электр энергиясы менен жабдылып турган учурда, чыңалуунун деңгээли нормадан төмөн болгондугуна байланыштуу аргасыздан график менен иштеп, мол түшүм өндүрүүгө кедергисин тийгизип келген болсо, учурда керектөөсүнө жараша пайдаланууга шарт түзүлдү.
  • Дейрес айылынын узак мөөнөттүү өнүктүрүү планы менен жакынкы 5 жылда электр энергиянын жүктөмү төмөндөгү калыпта өсөт, жалпы кошула турган кубаттуулук 3150 кВт түзөт, анын ичинде:

- “Таза-Суу” долбоору аркылуу 2 суу насостук станциясы ишке киргизилет -150 кВт;

- Иштебей турган насостук станция ишке киргизилет – 250 кВт;

- 90 ГА жерди өздөштүрүү үчүн 750 кВт кубаттуулуктагы 3 насостук станция курулат;

- 20 ГА жерге турак-жайлар курулуп, калк отурукташат (200 турак-жай салынат)– 1000 кВт;

- Чакан жана орто бизнес өнүгөт – 1000 кВт.