Нарын облусунун Миң-Булак айылында болжол менен 30 чакырым узундуктагы автомобиль жолунун боюнда күн энергиясын колдонгон көчө чырактары ишке киргизилди. Бул долбоор айыл өкмөт тарабынан жергиликтүү инфраструктураны жакшыртуу жана энергияны үнөмдөө максатында ишке ашырылды.
Автономдуу жарыктандыруу системасы күн панелдери жана аккумуляторлордон турат. Күн бою энергия топтоп, түнкүсүн фонарлардын үзгүлтүксүз жана автоматтык түрдө күйүп-өчүшүн камсыз кылат. Жарык берүүчү жабдуулар LED лампалар менен жабдылып, жарык сезгичтер аркылуу керектүү учурда гана иштейт. Бул система толугу менен автоматташтырылган жана үнөмдүү.
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн орун басары Советбек Чекиров билдиргендей: «Күн панелдеринин көптөгөн артыкчылыктары бар. Алар күндүн нуру жетиштүү болгондо автоматтык өчүп, караңгы түшкөндө күйүп калат. 2023-жылы орнотулган бул жабдуулар бүгүнкү күнгө чейин бир да жолу оңдолгон жок. Мурда жыл сайын көчө жарыгы үчүн болжол менен 60 миң сомго жакын төлөнсө, эми ал чыгымдар толугу менен жокко чыкты — жарык күн энергиясынын эсебинен иштейт».
Бул долбоор алыскы аймактарда да заманбап, энергияны үнөмдөөчү технологияларды колдонуу мүмкүн экенин көрсөтүп, энергетикалык системага жүктү азайтат жана туруктуу өнүгүүгө салым кошот.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын энергияны үнөмдөө жана кайра жаралуучу булактарды колдонуу багытындагы демилгелерди колдойт. Миң-Булактагы тажрыйба — бул жергиликтүү демилге аркылуу тургундардын жашоо шарттарын жакшыртуу жана коопсуздукту камсыз кылууга жакшы мисал.