Колл - борбор: 105; 1209

Тышкы атайын техниканын таасири Бишкек шаарындагы айрым бөлүктөрдө жарыктын өчүшүнө себеп болду

25 Сентябрь 2024 ж.

Бүгүн, 2024-жылдын 25-сентябрында, саат 18:45те «Кант-1» 110 кВ чубалгысы өчүп калды. Буга башка уюмдун жогорку чыңалуудагы электр линиясынын коргоо зонасын бузуп, электр чубалгысынын астында атайын техника менен иштерди жүргүзүүсү себеп болгон. Натыйжада Бишкек шаарынын айрым бөлүктөрүндө убактылуу электр энергиясы өчүп калды.

«Кыргызстан УЭТ» ААКнын адистери электр энергиясы өчкөн керектөөчүлөргө ыкчам түрдө калыбына келтиришти.

Уюмдун жетекчиси менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү актылар түзүлдү.

Энергетиктер электр чубалгыларынын коргоо зонасын бузбоого жана өзгөчө атайын техника менен иштөөдө, адамдардын өмүрүнө жана электр тармактарына коркунуч келтирбөө үчүн, электр чубалгыларынын астында атайын уруксатсыз жана өткөрмө кагазсыз иштерди жүргүзбөөгө чакырат.