Колл - борбор: 105; 1209

Жалпы акционерлер жыйыны

Коомду башкаруунун жогорку органы болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган коомдун ишинин маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуу укугу бар акционерлердин жалпы чогулушу эсептелет.

Акционерлердин жалпы чогулушу коомдун директорлор кеңеши тарабынан жылына бир жолудан кем эмес чакырылат. Акционерлердин жыл сайын өткөрүлгөн жалпы чогулуштары отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-майынан кечиктирбестен өткөрүлүшү керек.

Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушу коомдун директорлор кеңеши тарабынан чакырылат:

Директорлор кеңешинин демилгеси боюнча;

Башкы дирекциянын талабы боюнча;

Текшерүү комиссиясынын талабы боюнча;

коомдун добуш берүүгө укуктуу акцияларынын 20 пайызынан кем эмесине ээлик кылган акционердин (акционерлердин) кат жүзүндөгү талабы боюнча;

күн тартиби жана аны өткөрүү мөөнөтү сунуш кылган кезексиз жалпы чогулушту чакыруунун жүйөлөрүн көрсөтүү менен баалуу кагаздар боюнча мыйзамдарды бузган учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талабы боюнча.

Акционерлердин жалпы чогулушу акционерлерден же алардын өкүлдөрүнөн турат. Акционер, анын ичинде артыкчылыктуу акциялардын ээлери жана добуш берүү укугу жок башка акционерлер чогулушка катышууга укуктуу.

Жалпы чогулуштун өзгөчө компетенциясына төмөнкү маселелер кирет:

1. коомдун уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү же жаңы редакциядагы бекитүү;

2. коомду өзгөртүп түзүү;

3. коомду жоюу, жоюу комиссиясын түзүү жана жоюу балансын бекитүү;

4. акционердик коомдун жүгүртүүдөгү акцияларынын санын өзгөртүү (көбөйтүү же азайтуу) жөнүндө, ошондой эле акцияларга конвертирленүүчү баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу;

5. ачык коом кошумча чыгарган акцияларынын же коомдун акцияга конвертирленүүчү баалуу кагаздарын жабык жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алуу;

6. ушул Мыйзамдын 29-статьясында каралган коомдун акцияларын же акцияга конвертирленүүчү баалуу кагаздарын сатып алууга акционердин артыкчылыктуу укуктарын колдонбоо жөнүндө чечим кабыл алуу;

7. мындай бүтүм жасоо жөнүндө чечим кабыл алынган күнгө карата наркы коомдун активдеринин баланстык наркынын 20% ын жана андан жогору болгон мүлк предмети болуп саналган ири бүтүм жасоого уруксат берүү;

8. эгерде буга жумшалуучу каражаттар коомдун активдеринин баланстык наркынын 20%ын жана андан жогору болсо, башка эмитенттердин баалуу кагаздарын сатып алуу, акционердик коомдорду, шериктештиктерди уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алуу;

9. коом тарабынан анын активдеринин баланстык наркынан 20% жана андан жогору болгон капиталдык салымдарды жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим кабыл алуу;

10. артыкчылыктуу акцияларды жөнөкөй акцияларга которуу;

11. мындай баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечим алынган күнгө карата жалпы номиналдык наркы коомдун активдеринин баланстык наркынын 50% же андан жогору пайызын түзгөн акцияларга конвертацияланбоочу облигацияларды жана башка баалуу кагаздарды коом тарабынан чыгарылышы жөнүндө чечим кабыл алуу;

12. директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо;

13. дивиденддердин өлчөмү жана төлөө тартиби жөнүндө чечим кабыл алуу;

14. эгерде директорлор кеңешиндеги орундардын саны уставда аныкталбаса, коомдун директорлор кеңешинин сан жагындагы курамын аныктоо;

15. директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө төлөнүүчү сыйакылардын жана компенсациялардын өлчөмүн бекитүү;

16. текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жана алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;

17. текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнө төлөнүүчү сыйакы менен компенсациянын өлчөмүн бекитүү;

18. директорлор кеңешинин жана текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу;

19. акционерлердин мурдагы жалпы чогулуштары тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерди жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу;

20. коомдун резервдик жана башка фонддорун пайдалануу;

21. коомдун жылдык отчетторун, баланстарын, киреше жана чыгаша эсептерин бекитүү, анын киреше менен чыгашаларын бөлүштүрүү;

22. эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү;

23. коомдун жылдык бюджетин бекитүү;

24. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана коомдун уставы тарабынан акционерлердин жалпы чогулушунун компетенциясына берилген дагы башка маселелерди чечүү.